Кыргыз-кытай чек арасында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 4-декабрь күнүсаат 13:44тө болжол менен 6 баллдык жер титирөө болду. Жер титирөө кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде орун алган.

Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Кытай аймагында жайгашып, Бедел айылынын түштүк-чыгышынан 40 чакырым, Кумтор кенинин түштүк-чыгышынан 85 чакырым жана Каракол шаарынан 145 чакырым аралыкта катталган.

Кыргызстандын аймактарында жер силкинүүнүн күчү төмөнкүдөй сезилди:
- Бедел айылында — 4,5 балл;
- Кумтор кенинде — болжол менен 4 балл;
- Бишкекте — болжол менен 3 балл.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз