Кыргызстанда «В» жана «С» категорияларына окууну калаган жарандар үчүн билим берүү стандартын бекитүү сунушталууда
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги «В» жана «С» категория боюнча окутуунун Мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү тууралуу буйруктун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты, деп жазат "АКИпресс" басылмасы.
Бул документ «Билим берүү жөнүндө», «Жол кыймылы жөнүндө», «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамдарына жана 2017-жылдын 18-декабрындагы №819 өкмөттүн токтомуна ылайык иштелип чыкты.
Долбоор айдоочуларды даярдоочу билим берүү программаларынын структурасына, мазмунуна жана ишке ашыруу шарттарына карата минималдуу талаптарды аныктоого арналган. Стандарт менчигинин түрүнө жана кайсы тармакка караштыгына карабастан кесиптик билим берүү мекемелеринде окутуунун бирдиктүү талаптарын камсыздайт.
Билим берүү талаптары заманбап кесиптик стандарттарга, эмгек милдеттерине жана эмгек рыногунун талабына шайкеш келтирилет.
Жаңы стандартты түзүүнүн зарылдыгы 2020-жылдын 18-сентябрындагы өкмөттүн №491 токтому менен бекитилген Улуттук квалификациялар алкагынын киргизилиши жана 2024-жылдын 8-июлундагы Министрлер Кабинетинин №371 токтому менен профтехбилим берүү стандарттарынын үлгүсүнүн белгилениши менен байланышкан.
Мындан тышкары, жол коопсуздугунун заманбап талаптары, билим берүү процессинин санариптештирилиши, LMS-системаларды жана гибриддик окутуу формаларын киргизүү, ошондой эле заманбап айдоо практикалары да эске алынган.
Стандарт айдоочуларды даярдоонун сапаты менен коопсуздугун жогорулатууга багытталат. Бул жол кырсыгын азайтууга жана бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүшү керек.
Долбоорду ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүүнү талап кылбайт — билим берүү уюмдары стандарттын талаптарын учурдагы ресурстардын алкагында аткарышат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



