Алишер Навои көчөсүнүн Алымбек датка жана Курманжан датка көчөлөрү менен кесилишкен бөлүгү ачылды
Бүгүн, 8-декабрь күнү Алишер Навои көчөсүнүн Алымбек датка жана Курманжан датка көчөсү менен кесилишкен бөлүгү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды.
Көчөнүн ачылышына Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, жергиликтүү тургундар, аксакалдар катышып, көчөнүн кызыл тасмасы кесилди.
Аталган көчөнү мэрия буга чейин кеңейтүү максатында жапкан. Оңдоп-түзөө иштеринен кийин көчө бир паласага кеңейип, 5 паласа болуп калды. Ошондой эле көчөнүн тротуарына асфальт төшөлүп, атайын тосмолор менен тосулган.
Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Шоноев билдиргендей, көчөнү «Аэродромдорстрой» ААКсы оңдоп-түзөөдөн өткөрдү. Азырынча жолго канча акча сарпталганы боюнча так смета чыга элек.
«Болжол менен 20 млн сом сарпталды. Бирок, так сметасы анык боло элек», - деди Шоноев.
Буга чейин Алишер Навои көчөсүнүн Курманжан датка жана Гапар Айтиев көчөлөрү менен кесилишкен бөлүгү кеңейтилип, 6 паласа болгон эле. Эми аталган көчөнүн бүгүн ачылган бөлүгү 5 паласа, калган бардык бөлүгү 6 паласа болду.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



