Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаты качан башталары белгилүү болду
Кыргызстандын футбол боюнча жаңы сезондогу чемпионатынын баштала турган күнү белгилүү болду.
Маалыматка караганда, жаңы сезондун ачылыш матчы 2026-жылдын 6-мартына пландалган.
Жаңы сезон башталары менен өлкөнүн күчтүү клубдары катышкан чемпионат расмий түрдө «Жогорку лига» деп өзгөртүлөт.
Чемпиондук үчүн жалпы 16 команда ат салышат: өткөн сезондогу 14 клуб жана эки дебютант – «Токтогул» жана Таластын «Азия» клубу.
2025-жылы өлкө чемпиону Каракол шаарынын Премьер-лиганын жаңы командасы болгон «Барс» клубу болсо, өлкө Кубогун Бишкектин «Дордой» клубу багындырган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



