Аба ырайы: эртең көп аймактарда кар жаайт
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар катуу жаашы мүмкүн.
Күндүз Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан-чачындын интенсивдүүлүгү жогору болот. Кээ бир жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/сек, айрым аймактарда 15-20 м/секке чейин күчөшү мүмкүн, Ысык-Көлдүн акваториясында 19-24 м/секке чейин жетет.
Аба ырайынын температурасы:
Чүй облусу
Түнкүсүн: -1…-6°
Күндүз: 0…+5° (кечке жуук -4…-9°)
Талас облусу
Түнкүсүн: -2…-7°
Күндүз: -4…-9°
Баткен облусу
Түнкүсүн: -3…+2°
Күндүз: 0…+5° (кечке жуук -4…+1°)
Ош, Жалал-Абад облустары
Түнкүсүн: -2…+3°
Күндүз: 0…+5° (кечке жуук -4…+1°)
Ысык-Көл облусу
Түнкүсүн: -2…-7°
Күндүз: 0…-5° (кечке жуук -5…-10°)
Нарын облусу
Түнкүсүн: -7…-12°
Күндүз: -2…-7°
Бишкек шаарында кар жаайт, шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/сек, кээде 14 м/секке чейин күчөйт. Температура түнкүсүн -3…-5°, күндүз 0…-2°, кечке жуук -4…-6°.
Чолпон-Ата шаарында кар жаайт, шамал 4-9 м/сек, кээде 14 м/секке чейин күчөйт. Температура түнкүсүн -2…-4°, күндүз 0…-2°.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



