Салык кызматы автоматтык эсептөө системасы киргизилгендигине байланыштуу жарандарды кыймылсыз мүлкүнүн документтерин текшерип коюуну сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы (МСК) салык мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн алкагында кыймылсыз мүлккө салыктын автоматташтырылган эсептөөсүн ишке киргизүүдө. Бул тууралуу 10-декабрда МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Эми кыймылсыз мүлккө салыктын эсептелиши жана төлөнүшү мүлк же жер тилкеси жайгашкан аймактагы салык органы тарабынан жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу МСК кыймылсыз мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептөө системасына оңдоп-түзөөлөрдү киргизип жатат.

2026-жыл үчүн салык милдеттенмелерин туура калыптандыруу максатында Салык кызматы бардык жарандарды жана юридикалык жактарды укукту тастыктоочу документтеринде көрсөтүлгөн маалыматтарды Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин (ГУ «Кадастр») маалыматтары менен алдын ала салыштырып текшерүүгө чакырат.

Текшерүүгө тийиш болгон маалыматтар:

* ээсинин паспортунун жеке номери (ИНН);
* фамилиясы, аты, атасынын аты же юридикалык жактын аталышы;
* кыймылсыз мүлк объектилеринин жана жер тилкелеринин аянты;
* объектилердин багыты/максаты;
* менчик үлүштөрү;
* каттоо даталары жана укукту тастыктоочу документтерде көрсөтүлгөн башка параметрлер.

МСКда белгилешкендей, маалыматтарды алдын ала тактоо салыктын автоматтык түрдө туура эсептешин камсыздап, мүмкүн болуучу айырмачылыктардын алдын алат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз