Кыргызстандык боксчу Омар Ливаза дүйнөлүк чемпионатта жарым финалга чыкты

Кыргызстандык боксчу Омар Ливаза БАЭде өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

IBA версиясы боюнча өтүп жаткан турнир азыркы күндөрү Дубай шаарында өтүүдө.

Ливаза 63,5 кг салмактагы категорияда күч сынашып, беттештерин 1/16 финалдан баштаган.

Алгач кыргызстандык спортчу Өзбекстандын өкүлүн жеңсе, 1/8 финалда Армениянын боксчусун утуп алган.

11-декабрга караган түнү Ливаза жарым финалга чыгуу үчүн Азербайжандын спортчусу менен рингге чыгып, үч раунддун жыйынтыгы боюнча калыстар 4:1 эсебинде жеңишти кыргызстандык боксчуга беришкен.

Ошентип, Ливаза 1/2 финалга чыгып, Замбиянын спортчусу — бул турнирдин биринчи номерлуу тандоосу — менен беттешет. Бул таймаш 11-декабрда өтөт.

63,5 кг салмак категориясы

1/16 финал
Омар Ливаза — Саят Ильясов (Өзбекстан) — 5:0

1/8 финал
Нарек Ховханнисян (Армения) — Омар Ливаза — 2:3

1/4 финал
Максуд Хасметов (Азербайжан) — Омар Ливаза — 1:4
(28-29, 29-28, 28-29, 27-30, 27-30)

Жарым финал
Омар Ливаза — Эммануэль Катема (Замбия).

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз