Кыргызстандык боксчулар биринчи беттештерин жеңиш менен башташты

Кыргызстандык бардык мушкерлер 2025-жылы бокс боюнча  дүйнө чемпионатында алгачкы беттештерин жеңиш менен башташты.

IBA уюштурган мелдеш азыркы күндөрү  Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өтүүдө.

Кыргызстандын улуттук курамына 12 спортчу кирип, аларды башкы машыктыруучу Данияр Тологон уулу жетектеп жатат.

Визаларга байланышкан көйгөйлөрдөн улам биздин курама команда БАЭге убагында учуп бара алган эмес. Мындан улам IBA президенти дүйнө чемпионатынын башталышын бир күнгө жылдыруу чечимин кабыл алган.

Кыргызстандык мушкерлер 3-декабрда Дубайга учуп келишип, 4-декабрдан тартып рингге чыга башташты.

Бардык 12 спортчу өздөрүнүн алгачкы беттештеринде жеңишке жетип, турнирдин кийинки айлампасына чыгышты.

Кыргызстандык спортчулардын жыйынтыктары

48 кг чейин
1/16 финал
Анвар Ходжиев — Нене Маонга (Замбия) — 5:0

51 кг чейин
1/16 финал
Мирлан Туркбай уулу — Ашу (Индия) — 5:0

54 кг чейин
1/16 финал
Патрисио Сейд Калеро Ариас (Эквадор) — Санжай Сейдакматов — 0:5

60 кг чейин
1/16 финал
Рыспек Бектенов — Ариол Зенели (Албания) — 4:1

63,5 кг чейин
1/16 финал
Саят Ильясов (Өзбекстан) — Омар Ливаза — 0:5

67 кг чейин
1/16 финал
Алмаз Орозбеков — Бернардо Делфина Мариме (Мозамбик) — 4:3

71 кг чейин
1/16 финал
Ихтияр Нишонов — Алекс Скантзос (Австралия) — биринчи раундда нокаут менен жеңиш

75 кг чейин
1/32 финал
Кардор Кейта Амаду (Либерия) — Сыргак Абдыжапар уулу — каршылашы рингге чыкпай жеңиш ыйгарылган

80 кг чейин
1/16 финал
Омурбек Бекжигит уулу — Михаил Цамалидис (Греция) — 5:0

86 кг чейин
1/16 финал
Райхею Ириатай Техауманахуне (Француз Полинезиясы) — Эркин Адылбек уулу — 0:5

92 кг чейин
1/16 финал
Бакыт Токтосун уулу — Петер Абути Алванга (Кения) — 4:1

92 кг жогору
1/16 финал
Бикрамжит Сингх (Индия) — Мырзакир Кошалиев — 0:5

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз