№24 округ: Салымбеков, Карыбек уулу, Акимбаевалар шайлоого канча акча коротушту?
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия (БШК) №24 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып келген талапкерлердин шайлоо фонддору тууралуу маалыматтарды жарыялады.
№24 округдан депутат болуп Жумабек Салымбеков, Улукбек Карыбек уулу жана Гульнара Акимбаева шайланды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өткөн.
БШКнын маалыматына ылайык, аталган үч талапкердин жалпы шайлоо чыгымдары 17 млн 269 миң сомду түзгөн.
Жумабек Салымбеков
Шайлоо фондуна түшкөн каражаттар — 11 млн 565 миң сом.
Анын ичинен:
— талапкердин жеке каражаты — 5 млн 565 миң сом;
— жеке адамдардан түшкөн ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары — 6 млн сом;
— кайтарылган каражаттар — 2 миң 500 сом.
Жалпы сарпталган каражат — 11 млн 562 миң 500 сом.
Шайлоо фондунун көлөмү — 4 млн 336 миң 560 сом.
Анын ичинде:
— талапкердин жеке каражаты — 4 млн 39 миң сом;
— партиянын каражаттары — 86 миң сом;
— ыктыярдуу взностор — 212 миң 725 сом;
— кайтарылган каражаттар — 31 миң 165 сом.
Жалпы сарпталган каражат — 4 млн 305 миң 395 сом.
Шайлоо фондунун жалпы суммасы — 1 млн 491 миң 896 сом.
Анын ичинен:
— талапкердин жеке каражаты — 300 миң 150 сом;
— ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары — 1 млн 191 миң 750 сом;
— кайтарылган каражаттар — 90 миң сом.
Сарпталган каражат — 1 млн 401 миң 896 сом.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.





