Ихтияр Нишонов Кыргызстандын тарыхында бокс боюнча медаль уткан экинчи кыргызстандык спортчу болду
Кыргызстандын боксчусу Ихтияр Нишонов 2025-жылы БАЭде өткөн бокстан дүйнө чемпионатында коло медаль утту.
IBA версиясы боюнча уюштурулган дүйнө чемпионаты учурда Дубай шаарында өтүп жатат.
71 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Ихтияр Нишонов жарым финалга чейин жетип, Австралия, Таиланд жана Молдова өлкөлөрүнүн спортчуларын жеңди. Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште ал Казакстандын боксчусуна утулуп, мелдешти үчүнчү орун менен жыйынтыктап, коло медальга ээ болду.
Бул медаль Кыргызстандын чоңдор арасындагы бокстан дүйнө чемпионаттарындагы тарыхындагы экинчи байгеси болуп калды.
Кыргыз боксунун тарыхындагы алгачкы дүйнөлүк чемпионаттагы медалды 2023-жылы Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн мелдеште Мунарбек Сейитбек уулу жеңип алган.
Ошондой эле БАЭде өтүп жаткан дүйнө чемпионатында 63,5 килограммга чейинки салмак ченинде таймашкан Омар Ливаза финалга чыкты. Ал 13-декабрда алтын медаль үчүн беттеш өткөрөт. Омар Ливаза — бокстан дүйнө чемпионатынын финалына чыккан Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы спортчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



