Кудаяр хан чеби ичине кандай табышмак катат?
“Кудаяр хандын чеби”,-деп аталган коргон Баткен районунун Кан айылында жайгашкан. Жергиликтүү калк чептин курулганына 200 жылга чамалап калса керек деген божомолдорун айтып келет. Курулушка миңдеген адамдар иштеген деп тарых барактарында жазылуу.
Тарыхта айтылган маалыматтарга караганда, 1845-жылы өлтүрүлгөн Шералинин 16 жаштагы Кудаяр уулу Коконго хан болуп көтөрүлөт.
Хандык менен орус аскерлеринин ортосундагы куралдуу чатактардын чыга башташы, Коконго караган айрым казак урууларынын орус букаралыгына өтө башташынан башталат. 1847-жылы оренбург аскер губернатору Обручев казак жеринде Раим (кийинки Арал) чебин тургузса, 1852-жылы жаңы губернатордун демилгеси менен полковник Бларамберг Кокондун эки чебин — Кумыш-Курган менен Чым-Курганды бузуп, Акмечитке кол салып, бирок кайтарылат. 1851-жылы орус бийлиги Кокон күчтөрүнүн жөлөк пункту болгон Таучубек чебин ээлешип, 1854-жылы Алматы дарыясында Верный чебин курушкан.
Ал эми Кудаяр хандын чеби курулган убакта ал жерде аккан суунун жоктугунан, хан кол алдындагылардын баарын төмөнкү өзөндө аккан сууга чейин катар тизип, керектелүүчү сууну колмо кол узатуу менен челектеп алдырып турган. Тактап айтканда, Нары Тунук-Суу айылынан Коргонго чейинки аралыкта эки катар адамдар тизилип туруп, биринчи катарда бош чака түшүп кетип турса, экинчи катардагыларга чакаларга толтурулган суу чыгып турган. Эгерде чаканы төгүп же жалкоолонсо ал адамды эч нерсеге карабай туруп, дубалдын ичине тирүүлөй, курулуп жаткан дубалдын үстүнө узунунан жаткызып, ылай менен кошо чаптап салууга буйрук берген деген кептер айтылат. Бул сөздө чындыктын бар экендигин дубалдын ураган жерлеринен адам сөөктөрүнүн табылгандыгы далилдеп турат.
Чептин ар бир жеринде мылтык сала турган көзөнөктөр бар. Атайын душмандан коргонуш үчүн курулган коргон экендигинин далили. Мындан сырткары, чептин ичинен жерди оюп жасаган тандырлар жана бышкан кирпичтен курулган үйлөр кездешет. Коргонго киргенде аскер кароолдо тура турган кароол да бар.
Кудаяр хан чеби – тоолуу, кууш капчыгайда, дарыяны бойлой дөңсөө жерде атайын тегиздеп салынган. Бул чептен төмөндү көзөмөлдөп турууга ыңгайлуу болгон экен.
Ал курулуп бүткөн соң, Кан айылында бир канча мал союлуп, чоң казандарга эт кайнап, калың эл чогулуп, оюн күлкү, шаан шөкөт менен чепти пайдаланууга берүү салтанаты белгиленип, бул салтанатка Кудаярхандын өзү да келип катышкан деп айтылат.
Чептин негизги – жогорку бөлүгү 4,9 гектар аянтты ээлейт. Ал эми экинчи коргон 1 гектар аянтты тегеректеп тургузулган. Эки коргон тең пакса менен урулуп, бурчтарында, көрүнөө жерлеринде цилиндр формасындагы жайлар, карооканалар, кызмат бөлмөлөрү курулган. Эки коргондун бири-бирине өтмө жолу да туташ салынган. Дубалдын 1-1,5 метр бийиктигинде мылтык учу эркин баткандай көзөнөктөр жайгашкан. Кандай болгон учурда да бул чептин атайын коргонуу үчүн курулгандыгын ал курулуштун өзгөчөлүгү жана жайгашкан орду толук далилдеп турат. Анткени тоо арасындагы албууттанган дарыяны бойлой кеткен жалгыз аяк жол бир топ татаал жана кооптуу болгондугуна карабастан, Сохтон Кара-Тегинге карай маанилүү жападан жалгыз гана жол болгон. Бул жол Ооганстан, Иран, Пакистанга чейин жетип, андан ары Индияга чейин барган.
Кудаяр хан чебинин дагы бир аталышы – Кан чеби. Себеби аталган чеп Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылында жайгашкан. Андыктан Кокон хандарынын бири Кудаяр курганы тууралуу маалымат бир аз жаңылыштык болушу мүмкүн. Бирок бул маалымат тактала электигин айрым тарыхчылар белгилеп келишет. Эгерде ушул маалыматка токтолсок, анда чепти ким курганы белгисиз боюнча калат. Анын «элден зекет жыйноо үчүн курулган» дегендиги бир аз чындыкка жатпайт. Анткени 18-кылымдын аягы, 19-кылымдын башында бул жерлерде эл сейрек отурукташкан. Кыскасын айтканда, “Кан чеби” дагы деле табышмак бойдон калууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.