Кытайдагы жашырылган ак пирамидалар эмнеден кабар берет?

Байыркы космикалык табышмактарды изилдөөчү Эрих фон Феникендин ишин улантуучу жана анын кызматкери Гардвиг Хаусдорф биринчи жолу 1994-жылдын март айында Кытайдагы эң чоң пирамида турат деген жерде болгон. Кытай бийлигинин жан адам кирүүсүнө тыюу салынган бул аймагына уурданып кирип, айтылган пирамидадан башка дагы ага окшош 6 пирамида бар экенин, бирок, алар мурункуга караганда кичинерээк экенин эсептеп чыгат. Ал эми ошол эле жылдын октябрь айында экинчи жолу кирип, Кытайдын «Падышалар өрөөнүн» тастыкташ үчүн 18 минуталык видео тартып чыгат. Кийин аны журналисттерге көрсөтүп жатып, саякатчы болжол менен эки миң километр квадрат жерден 100дөн ашык пирамидаларды эсептегенин айтат. Ошентип, Г. Хаусдорф Америкада бир сааттык «Тарых сабактары» аттуу телекөрсөтүүсүнө катышат дагы, байыркы Кытай тарыхчыларына таянып, пирамидалар космостук күчтүү цивилизациянын өкүлдөрү тарабынан курулганы тууралуу өзүнүн көз карашын жарыялайт.
 
Америкалык учкуч дүйнөдөгү эң чоң пирамиданын бар экенин көрдү!
 
«Америкалык полковник, учкуч Морис Шихан Кытайдын Түштүк-Батышындагы Шэнси провинциясынын Сиянь административдик борборунан 64 километр алыстыктагы жерден учуп бара жатып, Египеттеги пирамидаларга салыштырмалуу гигант пирамидалардын топуракка көмүлүп тургандыгын көргөнүн билдирди. Учкучтун баамында, анын бийиктиги болжол менен 300 метр, туурасы 450 метрдей бар (Египеттеди эң бийик Хеопс пирамидасы – 146,6 метр). Ал чоң пирамиданын жанында дагы бирөө болгон, бирок анын көрүнүшү кичинерээк». «Нью-Йорк Таймс», 28-март, 1947-жыл.
 
СУРООНУН ЖАРАЛЫШЫ
 
Архивдик изилдөөлөр көрсөткөндөй, Батыш дүйнөсүнүн Кытайдагы пирамидалар тууралуу дээрлик 100 жыл мурда эле кабары болгон. 1908-1909-жылдары Түндүк Кытайда болушкан Артур де Карл Соуэрби жана Роберт Стерлинг Кларк аттуу изилдөөчүлөр өздөрүнүн саякатында Кытайдагы жат адам кирүүгө тыюу салынган жерде бийиктиги 30 метрче келген көптөгө пирамидага окшош күмбөздөрдү байкагандыктары жөнүндө жазып кетишкен. Саякатчылар ал жерде күчтүү дүйнөнү т.а. белгилүү акылмандар аялдары менен кошо көмүлгөнүн аныкташкан. Андан башка Соуэрби менен Кларк Кытайдын биринчи императору Ши Хуандинин пирамидага окшогон күмбөзүн таптык дешкен.
 
1923-жылы Кытайда болуп кайткан Гарри Фрэнк аттуу тарыхчы да өзүнүн саякаты туурасында жазган «Синьяндын сыртында» деген китебинде тоодой болгон эбегейсиз чоң дөбөлөр тууралуу байыркы Кытай күмбөздөрүн жазат.
 
«АК ПИРАМИДА»
 
Америкалык учкуч Жеймс Гаусман 1945-жылы жазында самолет моторунун иштешинин кыйындап бара жатканына байланыштуу, айласыздан Кытайдын жогоруда айтып кеткен эч кимдин кирүүсүнө уруксат берилбей турган аймагына конот. Ал жерден кийин «Ак пирамида» деп аталып калган «тоону» көрүп, бул жаратылыштын укмуштай кереметин бир канча жолу сүрөткө тартып алат. Тилекке каршы тартылып алынган сүрөттөр АКШнын аскер чалгынынын архивинде «жоголуп кетет» дагы, бирок өзүнүн учуу командировкасынын рапорту сакталып калат.
 
Бул тууралуу Жеймс Гаусман: «Конгону бара жатып, төмөндөн байыркы легендаларда жана мифтерде гана болчу «Ак пирамиданы» көрдүм. Ал тим эле адамдын көз жоосун алган сыйкырдуу кристалдай ак чоку болчу»-деп эскерет.
 
ЭҢ ДАЛИЛДҮҮ ФАКТ
 
Бул тууралуу эң далилдүү жана баалуу делген факт: 1947-жылы «Транс Уорлд Эйрлайн» авиакомпаниясынын алыскы Чыгыш бөлүмүнүн башчысы, америкалык полковник, учкуч Морис Шиханга таандык. Жогоруда айтып өткөндөй самолеттон айтып, жазып бере алгыс таң калыштуу, абдан чоң пирамиданы көргөн. Ал пирамида Цзинлинг тоосунун алдында турат жана болжол менен бийиктиги – 300 метр, туурасы – 450 метрдей. Анын жанында дагы бир пирамида болуп, экөө тең кууш өрөөндүн акырына жайгашкан. Полковник ал өрөөндүн жанынан жүздөгөн адамдардын мүрзөлөрүн эсептеген. 
 
«Эгер, мен «Ак пирамиданы» согуш убагында көрсөм, аны эч кимге айтпайт элем. Анткени, мындай түшүнүксүз, абдан чоң адам баласынын колунан жасалган нерсе, «эмнеге ушунча убакыттан бери дүйнөгө белгисиз боюнча калып келген?»-деп, эч ким ишенмек эмес»-дейт М.Шихан. Демек полковник согуш жылдары аны көрсө да жашырып койгондой. Айтмакчы, ал «Ак пирамидадан» башка анын жанында, өтө алыс эмес жерде жайгашкан айылды да жана ага бара турган издерди да көргөн.
 
ЫРАСМИЙ АРАКЕТ
 
1947-жылдын 1-апрелде Кытайдын Шэнси провинциясынын өкмөтүнө шилтеме кылып, «Лос-Анжелес Таймс» гезити таң калыштуу кабар жарыялаган. Анда мындай деп жазылат: «Кечээ Шенси провинциясынын өкмөтү «Ак пирамида» тууралуу эксперттердин ишинин жыйынтыгын чыгарды. Аталган жыйынтыкка ылайык «Экинчи Улуу пирамида» жөнүндөгү факт реалдуу далилге ээ эмес жана ал чындыкка коошпойт». Бул билдирүүнүн таң калыштуусу «учкуч Морис Шихандын Кытайдын Шэнси провинциясынан гигант пирамиданы көрдү»-деген «Нью-Йорк Таймс» гезитинин 1947-жылдын 28-мартындагы жарыяланган маалыматынан 3 күн өтпөй жаңырганы.
 
Мындан үч жумадан соң Азия тарыхын окуп үйрөнүү Королдук коомунун конференциясында «Эң чоң «Ак пирамиданын» бар экени жөнүндөгү кабар олуттуу күмөн туудурат!»-деген баяндама окулат. Ал баяндамачыга Кытай таануучу Артур Поуп пирамидаларды куруу билимдери Батыш Азиядан Египетке өткөнү тууралуу далилдер жетиштүү»-деп, чечкиндүү каршы чыгат.
 
Анын андан башка тастыктоосунда «Ак пирамида» мурда чыгыш жагы – жашыл, батыш жагы – ак, ал эми түштүк тарабы – кара болгон. Көп түстүү Кытай пирамидаларынын мындай жасалгалоосун Гардвиг Хаусдорф, Кытай таануучу Дэвид Чилдресс жана «Ак пирамиданы» Венера планатасында жашаган куруучулар курган деген пикирдеги мистикага ишенген белгилүү Роберт Шаррлар да тастыкташат. «Ак пирамиданын» чындап эле бар экендигин жактоочуларды космостон тартылып алынган сүрөттөр да кубаттайт, т.а. космостон эч кимдин кирүүсүнө уруксат берилбеген жерде 16 пирамида тартылып алынган.
 
Баса белгилеп кетчү нерсе, ошол жерде токой эгүү иши кызуу жүрүп жатканы байкалат. Расмий билдирүүлөргө караганда, ал аракеттер жер кыртышын эрозиядан сактоо. Ал эми «Ак пирамиданын» бар экенине ишенгендердин бүтүмү боюнча бул иштер пирамиданы жат көздөрдөн жана «көздүү» спутникалык фотокамералардан бекитүү.
 
Демек, бекитилген бир нерсе бар!
 
Г.ГОРДЕЕВ («Совершенно не секретно» гезити)
Которгон Асанбек КАРАКОЗУЕВ

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз