Ош – Кумуралар өрөөнү!

 Ош – Борбор Азиядагы эң эски шаарлардын бири. Байыркы Оштуктар да көпчүлүк элдер сыяктуу эле чоподон идиштерди жасап келишкен. Аларды суюктук менен данды сактоо үчүн пайдаланышкан. Бирок азыр андай идиштерди колдонуунун максаты өзгөргөн. Тагыраагы, сувинир катары колдонуп калдык. Анткен менен ушул кезде деле кумураларды жасагандар бар.

 
Ош – өзгөчө архиологиялык эстеликтерди ичине каткан тарыхий аймак. Бул өрөөн Чыгыш менен Батышты бириктирген Жибек-Жолунун тоомунда жайгашкандыктан, товар, маданият жана маалымат алмашуунун борбору болуп турган. Тарыхий Ошту кеп кылганда кол өнөрчүлөрдүн, усталардын аймагы элестелет. Курулуш иштери жүрүп жаткан имараттардын алдынан көптөгөн археологиялык идиштер анын ичинен айрыкча карапа идиштер көп табылган.
 
Кумураны азыр деле жасашат. Анын бири Шарабидин Мирзаев – бул өнөрдү аскерден келгенден кийин үйрөнө баштаптыр. Азыр мындай буюмдар таптакыр колдонуудан чыгып калган жок. Белек катары пайдаланып калышты дейт. Азыр ал автоматташтырылган станокто жасайт, а илгери бут менен айландырып жасашчу.
Карапа идиштерди негизинен отурукташып, дыйканчылык менен күн кечирген элдер колдонушкан. Алар негизинен суюктук менен дан өсүмдүктөрдү салып пайдаланышкан. Тарыхчылар андай идиштер ар бир үйдө болгонун айтышат. Бирок азыр жер алдынан табылып жатканы таң калыштуу бойдон калууда.
 
Эмнеси болсо да, жер алдынан табылган кумура, көзөлөр тарых үчүн баалуу. Азыр Ош шаарындагы Сулайман-Тоо музей комплексинде бир канча доорго таандык карапа буюмдар сакталып турганын тарыхчы Хайрулла Убайдуллаев мынтип баяндайт.

"Ош шаарынан биринчи жолу карапа буюмдар Сулайман-Тоонун боорундагы “Ош кыштакчасы”,-деп аталган жерден табылган. Ал жерден көптөгөн карапанын сыныктары, бүтүн буюмдары табылып, “Чуст” маданиятына таандык дешкен. Андан башка эң уникалдуусу – кумуралардагы геометрикалык фигураларды түшүргөн орнаменттер көңүлдү бурат. Ош шаарындагы усталардын жасаган буюмдары башка жердегилерге окшобойт".
 
Борбор Азияны изилдешкен окумуштуулар кеч коло доорунда жана эрте темир доорунда усталар чоподон идиштерди жасоодо атайын технологияны тагыраагы: гончардык станокту ойлоп табышканын айтышат. Анда жасалган кумуралардын ыкмасы бир топ өнүккөн. Көрүнүшү, формалары, жасалуу ыкмалары жакшырып, кийинчерээк охра минерал боёктору менен кооздоп жасашкан. Охра – ошол кылымдарда кеңири тараган табигый минералдык боёк деп түшүнсө болот.
Коло доорунун Чуст маданиятына таандык деп Намангандын Чуст деген шаарында көптөгөн эстелик табылгандыктан, Чуст маданияты деп койгон. Бирок биздин Ошто табылган карапа идиштердин сыртындагы геометриялык фигуралар менен түшүрүлгөн орнаменттери эч бир Чуст маданиятынын башка жеринде табылган эмес. Бир гана Ош шаарынын усталарына таандык шедевр десек болот. Карапанын сыртына түшүрүлгөн геометриялык-фигуралык орнаметтерди. Алар кандай кылып түшүргөн, 2000-3000 миң жыл өтсө дагы ушул күнгө чейин өчпөгөндүгү өтө чоң мааниге ээ, биз үчүн.
2015-жылы Ош шаарында дагы бир көзө табылды. Аны куруучулар шаарда салынып жаткан көпүрөнүн тирөөчтөрү үчүн казуу иштерин жүргүзүп жатканда табышты. Бирок адистерге кайрылбай, өз алдынча казып алууга аракет кылып жатышып, сындырып алышкан.
Кийин табылга Сулайман-Тоо музейине алынып келип, атайын жайга коюлган. Адистер аны кургатып, мурдагы калыбына келтирүүгө аракет кылышты. Жер алдынан табылган кандай гана тарыхий буюм болбосун музейдин жер төлөсүнө ушинтип сактап, анан кийин гана изилдөөгө алышат. Археологдор бул табылганы божомол менен кеч коло доору же эрте орто кылымга таандык экенин айтышкан.
Өрөөндө мындай тарыхий археологиялык карапа буюмдары көп табылат. Анткенсе да археолог-тарыхчылар жер алдында катылып жаткандары андан да көп экенин айтышат.
А.Каракозуев.


Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз