Ташиев күч түзүмдөрүнүн генералдары менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2025-жылдын 15-декабрында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев КР УКМКнын башкы кеңсесинде күч түзүмдөрүнүн генералдары менен жолугушту.

Комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга жалпы 60 генерал катышты. Күч түзүмдөрүнүн генералдары катышкан мындай жолугушуу өлкө тарыхында алгач ирет өткөрүлдү.

Жолугушуунун алкагында коноктор үчүн УКМКнын жаңы имаратында экскурсия уюштурулуп, анда кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттар менен тааныштырылды.

Андан соң УКМКнын төрагасы генералдарды дасторкон үстүндө кабыл алып, пикир алышуу болду.

Жогорку аскердик наамга ээ болгон күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө кайрылган Камчыбек Ташиев алардын ар биринин мамлекет үчүн кошкон салымы, өмүр жолдору, кесиптик тажрыйбасы жана кызматтык ишмердүүлүгү өзгөчө мааниге ээ экенин, бул эмгек эч качан унутта калбай турганын белгиледи.

«Бүгүн мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен силерге болгон урмат-сыйыбызды билдирүүнү гана көздөдүк. Өлкө тарыхында мындай жолугушуу биринчи жолу өтүп жатат. Бул иш-чарага саясий же башка кандайдыр бир маанини таңуулоонун кажети жок — аны силерге болгон терең урматтын белгиси катары кабыл алууну суранам. Бул жерде отурган ар бир генерал өз убагында жетекчилик кызматтарды аркалап, өлкөнүн тарыхындагы ар кандай мезгилдерге күбө болуп, мекенге ак ниет кызмат кылган. Ошондуктан силердин салымыңыздар эч качан унутулбайт», — деди К.Ташиев.

Жолугушуунун соңунда ар бир генералга Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан акчалай сыйлык тапшырылды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз