Ишкер Курсантбек Сатыбалдиев УКТны каржылоого айыпталып кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев жетектеген уюшкан кылмыштуу топту (УКТ) системалуу түрдө каржылап келген деп шектелген ишкер С.К.К.ни кармашты. Бул тууралуу 17-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кармоо тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн жана аларды каржылоочу булактарды аныктоо, бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө ишке ашкан.

Тергөөдө жаран С.К.К. «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышта болгону жана ага, ошондой эле «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновго ай сайын белгиленген өлчөмдө акча каражаттарын берип, туруктуу негизде каржылык колдоо көрсөтүп турганы аныкталган.

УКМКнын маалыматына караганда, мындай аракеттердин негизги максаты — ишкердин Ош шаарында жана Ош облусундагы калк арасындагы таасирин күчөтүү жана кылмыштуу чөйрөнүн «калкалоосуна» ээ болуу болгон. Тергөө материалдарына ылайык, аталган адамдардын колдоосу менен С.К.К. Кыргызстан аймагына күйүүчү-майлоочу майларды (КММ) контрабандалык жол менен ташып келүүнүн туруктуу схемаларын уюштурган.

Мындан тышкары, кармалган жаран УКТ мүчөлөрү менен болгон байланыштарын пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарга карата физикалык басым көрсөтүү үчүн алардын «кызматтарына» кайрылып турганы айтылат.

Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жыйынтыгында ишкер С.К.К. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыштуу ишмердүүлүгүн каржылоочу каналдарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иштерин улантууда.

С.К.К. деген инциалдар ишкер, фермер, Оштогу "Отор" кафесинин кожоюну Курсант Сатыбалдиевдин аты-жөнүнө дал келет.

Курсантбек Сатыбалдиев "Отор" аттуу кафенин жана май куюучу жайлардын ээси. Ошондой эле "Ала-Тоо" ассоциациясынын төрагасы. Ал асыл тукум койлорду, уйларды өндүрүү жаатында ийгиликтүү иштеген фермерлердин бири. 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз