№19 округдан талапкер болгон кандидаттын УКТ менен байланышы аныкталды. Ал шайлоого катышуудан баш тартат
Борбордук шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссия (БШК) 28-октябрда Жылдызбек Момунжанович Тургановду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
БШКнын кызматкери билдиргендей, Ички иштер министрлигинен (ИИМ) алынган маалымат боюнча Турганов 1999–2006-жылдары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган. Бул жагдай аны талапкер катары каттоодон баш тартууга негиз болгон.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси да бул маалыматты тастыктап, Турганов 2006-жылы оперативдик каттоодон алынганын билдирген.
Турганов бул боюнча мындай деди:
«Ар ким ката кетириши мүмкүн. Ооба, биз — спортчуларды кайда гана аралаштырышпайт. Эгер мен чын эле андай болсом, анда эмне үчүн мурда жергиликтүү кеңештин депутаты боло алдым? Эмне үчүн курултайдын делегаты болдум? Эмне үчүн анда бул тууралуу эч ким айткан эмес? Кечиресиздер, бирок бүгүн эртең менен эле үй-бүлөм менен шайлоого катышпайм деп чечтим, анткени бул жүк мага оор болот экен. Өтүнүч жазып, катышуудан баш тартайын дегем. Бул маалымат мен үчүн күтүүсүз болду. Мен муну саясий оюндар катары баалайм. Эгер сот ушундай чечим чыгарса — макулмун. Ким жаңылбайт эле? Баары идеалдуубу? Чынында мен өзүм катышпайм дегем, болгону ушундай окуя болуп кетти. Бул мен үчүн чоң сокку болду. Чын эле адамдар туура жолго түшө алышпайт беле? Мен эч качан түрмөгө отурган эмесмин, мага каршы кылмыш иши да козголгон эмес. Балким, мен жаңылганмын, же досторум, же туура эмес адамдар менен отурганмын. Муну моюнга алам, бирок мен эч кимге, айрыкча мамлекетке зыян келтирген эмесмин».
Турганов шайлоодон өз ыктыяры менен баш тартуу тууралуу арыз жазарын билдиргендиктен, БШК мүчөлөрү аны каттоодон баш тартуу маселесин күн тартибинен алып салышкан.
Шайлоо 30-ноябрда өтөт. Бул жолу жаңы система колдонулат: ар бир шайлоо округунан үч депутат шайланат — экөө эркек жана бирөө аял, же эки аял жана бир эркек талапкер болот.
№19 шайлоо округунун курамына төмөнкү аймактар кирет: Сокулук районунун Гавриловский, Жаңы-Пахтин, Төмөнкү-Чүй, Манас, Аскер-Антонов, Күн-Туй айыл өкмөттөрү толугу менен; Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Орго, Ак-Ордо, МТУ-103 «Ала-Тоо» жана МТУ-106 (Новопавловка айылына чейинки аймак) аймактык башкармалыктары.
Бул округ боюнча жалпы шайлоочулардын саны — 138 373 киши.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



