Кыргызстандык депутаттар россиялык «Менделеев картасы» сыяктуу «Айтматов картасын» иштетүүнү каалашууда
Кыргызстандын шаардык жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттары өлкөдө Орусиядагы «Менделеев картасына» окшош, таланттуу жаштарды колдоого багытталган социалдык долбоорду ишке киргизүүнү сунушташты. Демилге учурда «Айтматов картасы» деген жумушчу ат менен аталып жатат.
Бул идея кыргыз делегациясынын Москва шаарына болгон сапарынын жүрүшүндө пайда болду. «Орусияны тааны» программасынын алкагында уюштурулган бул сапарга 62 депутат катышкан. Сапардын негизги максаты — Орусияда жаштар менен иштөө тажрыйбасын үйрөнүү жана аны Кыргызстанда колдонууга боло турган практикаларды изилдөө болду.
Парламентарийлердин өзгөчө кызыгуусун «Менделеев картасы» долбоору жаратты. Орусияда бул карта таланттуу мектеп окуучуларына жана студенттерге билим алууга, транспортко, музейлерге, театрларга жана спорт залдарына барууга жеңилдиктерди жана бонус мүмкүнчүлүктөрдү берет. Депутаттардын пикиринде, мындай инструмент Кыргызстандагы шыктуу жаштар үчүн реалдуу колдоо болуп, алардын өнүгүүсүнө түрткү бере алат.
«Айтматов картасы» улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысмына жана анын баалуулуктарына таянган, жаштар үчүн билим берүү жана маданий мүмкүнчүлүктөрдү бириктирген улуттук программа катары каралууда.
Мындан тышкары, делегация Орусияда ишке ашырылып жаткан «Жаштар үчүн аймак» аттуу комплекстүү өнүгүү программаларынын конкурсу менен таанышты. Бул долбоор аймактардагы жаштар демилгелерин колдоого багытталган. Депутаттар мындай форматтар Кыргызстан үчүн да абдан актуалдуу экенин, жаштарды өз шаарларын жана айылдарын өнүктүрүүгө тартууга жардам берерин белгилешти.
Расмий программанын алкагында кыргыз парламентарийлери Москва өкмөтүндө болуп, Ситуациялык борборго жана Москва шаардык думасына барышты. Ал жерде аларга шаарды өнүктүрүүнүн негизги программалары тааныштырылды. Сапардын маданий бөлүгү Улуу Ата Мекендик согуш музейине экскурсия жана Кызыл аянтта сейилдөө менен коштолду.
Москвага болгон бул сапар тажрыйба алмашуу аянтчасы гана болбостон, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды бекемдөөгө да маанилүү кадам болду. Алынган идеялар менен сунуштарды депутаттар мекенине кайткандан кийин талкуулап, жаңы жаштар долбоорлорун ишке киргизүүнү көздөшүүдө.
Уюштуруучу уюм тууралуу маалымат:
АНО «Евразия» — эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшкөн автономдуу коммерциялык эмес уюм. Уюм жеке каражаттардын эсебинен салттуу баалуулуктарды сактоого жана улуттар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашырат.
«Евразия» коом үчүн маанилүү демилгелерди колдойт, ар түрдүү маданияттагы адамдардын өз ара баарлашуусуна шарт түзөт, билим берүү, медицина жана жаштар алмашуусу тармактарында долбоорлорду өнүктүрөт.
Негизги багыттардын бири — мектеп окуучуларын, студенттерди жана жаш адистерди колдоо. Долбоорлордун катарына билим берүү программалары, алмашуу сапарлары, ири мамлекеттик компанияларда стажировкалар, медиа мектеп кирет.
Иштегенине бир жарым жылдын ичинде «Евразия» ар кайсы өлкөлөрдөн 100 миңден ашуун катышуучуну бириктирип, Евразия мейкиндигиндеги гуманитардык кызматташтыктын алдыңкы платформасына айланды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



