Өкмөт 2027-жылга чейин капитал рыногун өнүктүрүү боюнча жол картасын тактады

Министрлер Кабинети 2025-жылдын 19-ноябрындагы тескемеси менен 2024–2027-жылдарга карата капитал рыногун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планына (жол картасына) толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизди.

Өзгөртүүлөр мамлекеттик органдардын ортосунда ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүгө тиешелүү:

мамлекеттик компанияларды IPOго даярдоого байланышкан 2.1-бөлүмдөгү бир катар подпункттардан «МЦР» кыскартмасы алынып салынды;

акционердин функцияларын аткарган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө айтылган подпункттарда бул функциялар «МЦРИТти кошпогондо» жүзөгө ашырылары такталды;

ошол эле учурда кыскартуулар тизмесине жаңы толук аталыш киргизилди: МЦРИТ — Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлиги.

Муну менен өкмөт мамлекеттик компанияларды IPOго чыгаруу, суверендүү исламдык баалуу кагаздарды (сукук), еврооблигацияларды жана токенизацияланган мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча милдеттер блогунда жоопкерчиликтерди кайра бөлүштүрүүнү формалдаштырды. Ошол эле маалда жол картанын жалпы архитектурасы сакталган, бирок жооптуу аткаруучулардын чөйрөсү так аныкталган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз