Жаңы чакырылыштын вице-спикерлери белгилүү болду
Чынгыз Ажибаев, Карим Ханджеза жана Жылдыз Таалайбек кызы 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйынында вице-спикерлик кызматка талапкер катары көрсөтүлдү. Парламенттин төрагасында бир биринчи вице-спикер жана эки вице-спикер болот.
«Элдик» депутаттык тобу Чынгыз Ажибаевди биринчи вице-спикерлик кызматка сунуштады.
«Адилет Кыргызстан» депутаттык тобу Жылдыз Таалайбек кызын вице-спикерлик кызматка көрсөттү.
Ал эми «Мекенчил» депутаттык тобу Карим Ханжезаны вице-спикерлик кызматка талапкер кылып сунуштады.
Натыйжада Чынгыз Ажибаев биринчи вице-спикер, Жылдыз Таалайбек кызы менен Карим Ханжезалар вице-спикер болуп шайланышты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



