Садыр Жапаровду Япониядагы иш сапарында кимдер коштоп жүрөт? Делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда Япониянын премьер-министри Санаэ Такаитинин чакыруусу менен жумушчу сапары менен Японияга барды.

Буга чейин Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, Садыр Жапаров «Борбор Азия + Япония» диалогу алкагында өтө турган биринчи саммитке катышат.

Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысынын Япониянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуусу да пландалган. Ошондой эле саммиттин алкагында Борбор Азия өлкөлөрү менен Япониянын бизнес-форуму өтөт.

Расмий делегациянын курамы:

тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип;

Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев;

энергетика министри Таалайбек Ибраев;

агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева;

Президентке караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Равшанбек Сабиров;

президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз