Оштогу депутат "Капитал" ресторанынын ашканасынын мыйзамдуулугун көтөрдү

Бүгүн, 23-декабрь күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы башталды. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри, төрага, 47 депутат жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. 

Күн тартибине 15 маселе коюлган, анын экөө - 9-15-маселелер кийинки сессияга калтырылды. Ар түрдүү маселер да жылдырылды. 

Ошентип депутаттар биринчи маселе менен  экинчи маселени талкуулап жатышат.

“Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык жана айылдык башкармалыктарынын аткарып жаткан иштери жөнүндө” маселеси каралды. Анда “Милдет” фракциясынан депутат Жазгүл Максутова Ош шаарында канча жерге балдар ойноочу аянтчасы куруларын сурады. 

Ош мэриясынын уюштуруу-инспектордук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы Жумамидин Сулайманкулов шаарга 200дөн ашык балдар ойноочу аянтча куруу пландалганын, бирок зарылчылыкка жараша 60 жайга балдар ойноочу аянтча курулганын билдирди.

“Ынтымак” фракциясынан депутат Азамат Тургунбаев Манас-Ата аймактык башкармалыгындагы курулуштар боюнча токтолду. Ал белгилегендей, “Капитал” ресторанын жанындагы артык баш курулуштар бар экенин, бирок, бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келгенин айтты.  Депутат ресторандын жанындагы мурдагы вице-мэрдин мейманканасы [экс-вице мэри Н. Кадыровдуку делген]бар экенин, анда азырга чейин кыздар иштеп жатканын белгиледи. 

Курулуш тармагы боюнча вице-мэр Мирлан Казыбай уулу “Капитал” ресторанын мамлекеттик актысы бар экенин, бирок артындагы ашканасы 5-6 метрге чыгып кетип, мыйзамсыз болуп калганын айтты. 

Казыбай уулу ошондой эле ашканасы боюнча сотко кайрылып, утканын, тиешелүү чаралар колдонуларын кошумчалады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз