Ош: депутат айым Эргеш Алиев көчөсүн бир тараптуу кылууну сунуштады
Бүгүн, 23-декабрь күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы болууда.
Анда “Жаңы Кыргызстан” фракциясынан депутат Зарина Чилова Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысына кайрылып, Э. Алиев көчөсүнүн 72-дарегине качан барганын сурады.
Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Шоноев ар дайым эле барып жүргөнүн айтты.
Эл өкүлү Алиев көчөсүн бир тараптуу кылып берүүнү талап кылды.
“ Ишти кылбай эле Ош шаардык билим берүү башкармалыгын, директорлорду күнөөлөй бересиздер, ошол көчөнү бир тараптуу кылып бериңиздер”, - деди депутат.
Маалымат: Чилова Алиев көчөсүндө жайгашкан "Жибек" балдар бакчанын директору болуп иштейт. Аталган бакчада өз учурунда Чыңгыз Айтматов да тарбияланган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




