Кутманалы Абдрахман уулу Ош шаарын эки районго бөлүүнү сунуштады

  Бүгүн, 23-декабрь күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүүдө.

Анда “Мурас” фракциясынан депутат Кутманалы Абдырахман уулу Ош шаарын эки районго бөлүү сунушу боюнча сурады. 

Ош мэриясынын уюштуруу-инспектордук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы Жумамидин Сулайманкулов шаарды эки районго бөлүп, акимдерди дайындоо үчүн аларга функциялык милдеттерди берүү керектигин айтты. 

Эл өкүлү өз учурунда бул боюнча мэрге да сунуш бергенин, Сулайманкуловду да мэр менен чогуу талкуулап, ушул маселени сунуштап көрүүнү айтты. 

Эске салсак, Абдырахман уулу жыл башынан бери Ош шаарын экиге бөлүп (Ак-Буура дарыясынын оң жана сол жагы), эки район түзуп, эки аким дайындап, ыйгарым укуктарды берүү керектигин айтып келет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз