Ош: сессияда "Ош" базары өрт коопсуздугунун талаптарына толук жооп бербестиги айтылды

Бүгүн, 23-декабрь күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүүдө. 

Анда “Ош шаарындагы  муниципалдык базарларда ишкерлерге түзүлгөн шарттар жөнүндө” маселе каралды. 

Анда “Жаңы Кыргызстан” фракциядан депутат Шахназар Бакир уулу "Ош" базарын иштөөгө кабыл алуу болгонбу?" деп сурады. 

Биринчи вице-мэр Адилет Шаршеналы уулу базар пайдаланууга алына электигин айтып, кененирээк ӨКМ билерин билдирди.

ӨКМдин өкүлү базардын аралыктары боюнча маселе жаралып жатканын айтты. 

Адилет Шаршеналы уулу ӨКМ менен биргеликте тыгыз иштеп жатканын айтып, жакын арада чечилерин билдирди.

“Мурас” фракциясынан дерутат Бекболот Арзибаев жаңы базардын жалпы аянты канча гектар экенин сурады. 

Биринчи вице-мэр Адилет Шаршеналы уулу 31 гектар аймакты камтырын айтты. 

Депутат эгер "Ош" базары толук иштеп баштаса, жылына канча акча түшөрүнө кызыкты. 

Вице-мэр эгер Борбордук базар толук иштеп баштаса, 2026-жылдын январынан ижара акы алынып баштаса 350 млн , унаа базардан 120 млн сом акча чогуларын билдирди. 

“Жаңы Кыргызстан” фракциясынан депутат Гүлмира Бекташова “Келечек” базарында бир соодагер каза болгонун, баласы жетим калганын, азыр аталган базарды жаңы базарга жылдыруу боюнча маселе жаралып жатканын, аталган жаранга жардам берилерин же берилбестигин сурады.

Бириинчи вице-мэр Адилет Шаршеналы уулу маселе караларын билдирди. 

Ал ошондой эле депутаттардын “базарда канча орун бар?” деген суроосуна 5 миң 900 орун бар экенин айтты. 

“Ынтымак” фракциясынан депутат Эрнист Кожоев вице-мэрдин алдын ала эсептөөсү боюнча базардан 350 млн сом тушөрүн айтып: “ Муну кантип санадыныздар? Биздин эсеп боюнча 1 млрдга жакын акча түшөт деп сүйүнүп жүрөбүз го”, - деп суроо салды.

Адилет Шаршеналы уулу соода орундуктарына карап, шаардык кеңеш чыгарган токтомдо көрсөтүлгөн тариф бобнча эсептелип жатканын, бирок болгону бул алдын ала эле эсептөө экенин айтты. 

“Жаңы Кыргызстан” фракциясынан депутат Мирбек Маматов “Келечек” базары боюнча айтып: “Бул базар жылабы? Мэр 1-мартта жылат деди эле. Жылабы же саясат болур, алар дагы нааразы болсо калып кетеби?”,-деди ал.

депутат Бекболот Арзибаев "Ош" базары өрт коопсуздугуна толук жооп бербестигин, эгер ӨКМ өрт коопсуздугу боюнча уруксат берген болсо, кийин бир контейнерден өрт чыгып, маселе жаралып каларын айтты. 

ӨКМдин өкүлү базарда өрт коопсуздугуна шайкеш келбеген жерлери боюнча сунуш бергенин, ошолор жоюлгандан кийин гана кортунду берилерин айтты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз