IBA дүйнө чемпионаты: Шумкова Холоковду финалда тиштегенине карабай алтындан ажыратылбайт деген чечим кабыл алынды. Мунун Кыргызстан менен кандай байланышы бар?

Эл аралык бокс федерациясы (IBA) 2025-жылкы дүйнө чемпионатынын финалдык беттеши боюнча акыркы чечимин чыгарды. Финалда Орусиянын өкүлү Всеволод Шумков менен Өзбекстандын боксчусу Абдумалик Холоков беттешкен.

60 килограммга чейинки салмак категориясындагы чечүүчү кармаш 13-декабрда Дубай шаарында өткөн. Биринчи раунд Холоковдун пайдасына чечилсе, экинчи раундда Шумков үстөмдүк кылган. Негизги беш каптал калыс жыйынтык чыгара албай, кошумча кайра кароо жүргүзүлүп, эки нейтралдуу калыс чакырылган. Натыйжада жеңиш 4:3 эсеби менен Шумковго берилген.

Турнирден кийин социалдык тармактарда видеотасма тараган. Анда үчүнчү раунддун аягында орусиялык боксчу эмоциясын кармай албай, атаандашынын кулагын тиштеп алганы көрүнөт. Бирок беттеш учурунда да, андан кийин да Холоков жана анын командасы бул окуя тууралуу билдирүү жасашкан эмес.

Тиштөө учуру түз эфирге да чыгып кеткен. Ал эми Шумков пресс-конференцияда атаандашын тиштеп алганын өзү мойнуна алган. Ал бул аракетин күчтүү эмоционалдык чыңалуу менен түшүндүрүп, атаандашына зыян келтирүү ниети болбогонун, ошондой эле бул окуя Холоковдун саламаттыгына эч кандай кесепет алып келбегенин айткан. Анын пикиринде, бул эпизод беттештин жүрүшүнө жана жыйынтыгына таасир эткен эмес.

IBA бул окуя боюнча расмий иликтөө башталганын билдирип, Шумков менен Орусиянын бокс федерациясы тиешелүү жазага тартыларын маалымдаган.

23-декабрдын кечинде IBA президенти Умар Кремлев социалдык тармактагы баракчасында видео кайрылуу жасап, акыркы чечимди жарыялады.

Ага ылайык, Шумков гонорарынын 50 пайызынан айрылат. Ал жеңиши үчүн 300 миң доллар алган.

Кыргызстандын буга кандай тиешеси бар? БАЭде өткөн турнирде Шумков менен Холоковдун финалдык беттешин кыргызстандык калыс Бекзад Абдурашидов тейлеген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз