УКМК «МБЭ Групптун» башкы директорун рейдердик басып алууга айыптап кармады

Коммерциялык жайды рейдерлик жол менен басып алуу фактысы боюнча «МБЭ Групп» компаниясынын башкы директору кармалып, ал эми негиздөөчүсүнө издөөгө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК КРге Бишкек шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан ОсОО «Альянс Курулуш Плюс» компаниясы куруп жаткан көп кабаттуу турак жайдын үлүштүк курулушуна катышкан жарандар (дольщиктер) жамааттык арыз менен кайрылышкан. Алар «МБЭ Групп» компаниясынын ээси «М.Б.Э.» жана анын аффилирленген жактарына карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан.

Арызда аталган адамдар бул көп кабаттуу үйдүн курулушунун аякташына тоскоолдук кылып, рейдерлик жол менен аталган имараттагы коммерциялык мүлктү басып алышканы көрсөтүлгөн.

Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 2016-жылы «М.Б.Э.» менен ОсОО «Альянс Курулуш Плюс» компаниясынын (КР жараны «А.М.» өкүлчүлүк кылган) ортосунда Бишкек шаарынын 3-кичи районунда турак жайды жана соода-кызмат көрсөтүү объектилерин (СКБ) куруу боюнча биргелешкен ишмердүүлүк тууралуу келишим түзүлгөнү аныкталган.

УКМКнын маалыматына ылайык, 2018-жылы тараптардын ортосунда пикир келишпестиктер жаралып, «М.Б.Э.» маркум К.Асанбекке таандык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн тартуу менен курулуш компаниясынын жетекчилигине карата физикалык жок кылуу коркутууларын жасап, аталган объекттеги коммерциялык жайды мыйзамсыз ээлеп алып, аны жакын тууганынын атына кайра каттаткан.

Мындан тышкары, «М.Б.Э.» дольщиктер тарабынан курулуш толук бүткөрүлгөндөн кийин, эч кандай каржылык же башка салым кошпостон, өзүнө аффилирленген адамдардын пайдасына айрым турак жайларды өткөрүп берүүнү талап кылган. Ошондой эле өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, үйдүн курулушунун аякташына тоскоолдук кылып, башка дольщиктердин мыйзамдуу укуктарын бузган.

Аталган факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде 2025-жылдын 23-декабрында кылмыш иши козголуп, «МБЭ Групп» компаниясынын башкы директору «Ш.Б.Г.» кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Ал эми компаниянын негиздөөчүсү «М.Б.Э.» издөөгө жарыяланды.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз