Дүйнөлүк чемпионатта байгелүү орундарды ээлеген 6 спортчуга батирлердин ачкычтары тапшырылды

25-декабрь күнү Кыргызстандан чыккан алты спортчуга батирлер тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу аземи эркин күрөш боюнча өлкө чемпионатынын жыйынтыктоочу күнүндө болуп өттү.

Спортчуларга батирлердин сертификаттарын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө:

«Кыргызстандын туусун дүйнөлүк аренада бийик көтөрүп жүргөн спортчуларды биз колдоп келгенбиз жана мындан ары да колдойбуз. Спортту колдоо алкагында жана Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, алты спортчуну сыйлоону туура көрдүк», — деп белгиледи.

Батир алган спортчулар:
    •    Айпери Медет кызы (эркин күрөш) — 3 бөлмөлүү батир, аянты 100 чарчы метр
    •    Асан Жанышов (грек-рим күрөшү) — 2 бөлмөлүү батир, аянты 93 чарчы метр
    •    Ихтияр Нишонов (бокс) — 1 бөлмөлүү батир, аянты 56 чарчы метр
    •    Омар Ливаза (бокс) — 1 бөлмөлүү батир, аянты 56 чарчы метр
    •    Смадияр Жумакадыров (грек-рим күрөшү, Сурдлимпиада оюндары) — 1 бөлмөлүү батир, аянты 34 чарчы метр
    •    Адилет Жапаркулов (эркин күрөшү, Сурдлимпиада оюндары) — 1 бөлмөлүү батир, аянты 39 чарчы метр.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз