Ихтияр Нишонов бокс боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалына чыкты
Дагы бир кыргызстандык спортчу БАЭде өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.
IBA версиясы боюнча өтүп жаткан турнир Дубай шаарында уланып жатат.
71 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргызстандын намысын Ихтияр Нишонов коргоп, ал мелдешти 1/16 финалдан баштаган.
Турнирдеги алгачкы беттешинде кыргызстандык боксчу Австралиянын спортчусун болгону 22 секундда нокаутка учураткан. Ал эми 1/8 финалда Нишонов Таиланддын мушкерин экинчи раундда нокаут менен утуп, чейрек финалга чыккан.
Жарым финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Нишонов Молдованын өкүлү менен кездешип, калыстардын бөлүнгөн чечими менен жеңишке жетти.
Ошентип, кыргызстандык мушкер жарым финалга жолдомо алып, бул баскычта Казакстандын өкүлү Аблайхан Жуссупов менен күч сынашат.
Буга чейин 63,5 кг салмак ченинде да Омар Ливаза жарым финалга чыккан.
71 кг чейин
1/16 финал
Ихтияр Нишонов – Алекс Скантзос (Австралия) — Нишоновдун биринчи раунддагы нокаут менен жеңиши
1/8 финал
Виттхая Чансом (Таиланд) – Ихтияр Нишонов — Нишоновдун экинчи раунддагы нокаут менен жеңиши
1/4 финал
Василий Чеботари (Молдова) – Ихтияр Нишонов — 2:3 (Нишонов жеңди)
Жарым финал
Ихтияр Нишонов – Аблайхан Жуссупов (Казакстан).
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



