Элдик курултайдын делегаты Кыргызстанда арак сатууга тыюу салууну сунуштады

Элдик курултайдын делегаты Мусабай Момуналиев 25-декабрь күнү Кыргызстанда арак сатууга жана колдонууга тыюу салуу сунушу менен чыкты.

Анын айтымында, президент буга чейин эле зордук-зомбулук жана жол кырсыктары маселесине көңүл бурган. Делегаттын пикиринде, аракка тыюу салуу бул көйгөйлөрдү чечүүнүн бир жолу болушу мүмкүн.

Мындан тышкары, делегат саламаттык сактоо тармагындагы маселелерге да токтолду. Ал жаңы саламаттык сактоо министринин дайындалышын белгилеп, министрликтин өкүлдөрүн айыл-кыштактарга жана калктуу конуштарга барып, ооруканалардын чыныгы абалын өз көзү менен көрүп чыгууга чакырды.

Анын айтымында, мындай ыкма тармактагы көйгөйлөрдү так аныктоого жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз