Министрлер кабинети жаңы жылдык каникулду 12-январга чейин узартты
Министрлер кабинети 2026-жылдагы Жаңы жылдык каникулдарды 12-январга чейин узартты, — деп маалымдайт «Госинфо» телеграм-каналы.
Буга чейин Эмгек министрлиги документке ылайык, 8 жана 9-январдагы жумуш күндөрү 2026-жылдын 7-февралына жана 25-апрелине (дем алыш күндөрүнө) которуларын билдирген.
Эмгек кодексинин 66-беренесине ылайык, 2026-жылы Кыргызстандын жарандары 1-январдан 7-январга чейин эс алышы керек болчу.
Эмгек министрлиги эс алууну узартуунун себептерин төмөнкүчө түшүндүрдү:
Жаңы жылдан кийинки мезгилде курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана грипптин өсүшү салтка айланган. Кошумча эс алуу күндөрү сезондук оорулардын азайышына жардам берет.
2026-жылы окуучулардын кышкы каникулу да 12-январга чейин белгиленген, ата-энелердин балдары менен чогуу эс алышы үй-бүлөлүк баалуулуктардын бекемделишине жана социалдык жыргалчылыктын жогорулашына өбөлгө түзөт.
Каникулдардын узартылышынын экономикалык натыйжасы да бар. Январдын алгачкы эки жумасы — кышкы туризмдин эң кызуу мезгили, кошумча дем алыштар чакан жана орто бизнеске киреше алып келип, туристтик потенциалы бар аймактардын өнүгүшүнө жана ички туризмдин жанданышына шарт түзөт.
Мындан тышкары, каникулдардын узартылышы энергетика тармагындагы электр энергиясынын тартыштыгын азайтууга жана кыш мезгилинде коммуналдык инфраструктурага түшкөн жүктү жеңилдетүүгө жардам берет.
Маалыматка ылайык, 2026-жылы Жаңы жылдык каникулдарды 12-январга чейин узартуу мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга, ошондой эле калктын саламаттыгын жана жыргалчылыгын чыңдоого өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда бул чечим мамлекеттик бюджеттен олуттуу кошумча чыгымдарды талап кылбайт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


