Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды
Алмазбек Шаршенович Атамбаев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 3-июнундагы өкүмүн аткаруунун негизинде, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар жана мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесинин 1-, 2- жана 4-бөлүктөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык төмөнкүлөр токтом кылынат:
1. Алмазбек Шаршенович Атамбаев Кыргыз Республикасынын төмөнкү мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылсын:
1. «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы айырмалоо белгиси;
2. «Манас» ордени II даражасы;
3. «Данакер» ордени;
4. «Данк» медалы.
2. Төмөнкү президенттик жарлыктар жараксыз деп табылсын:
1. 1999-жылдын 22-апрелиндеги №106 «Атамбаев А.Ш.ны “Данк” медалы менен сыйлоо жөнүндө» жарлык;
2. 2007-жылдын 27-ноябрындагы №518 «Атамбаев А.Ш.ны “Данакер” ордени менен сыйлоо жөнүндө» жарлык;
3. 2011-жылдын 30-ноябрындагы №311 «Республиканын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө» жарлыктын үчүнчү абзацы;
4. 2017-жылдын 27-ноябрындагы №1 «А.Ш. Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку даражадагы айырмалоо белгисин ыйгаруу жөнүндө» жарлык.
3. Башкы прокуратуранын алдындагы сот аткаруучулар кызматы ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик сыйлыктарды жана аларга тиешелүү документтерди белгиленген тартипте алып коюу боюнча чараларды көрүп, аларды мамлекеттик сыйлыктар фондуна өткөрүп берсин.
4. Ушул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


