Айпери Медет кызы Бириккен күрөш дүйнөсүнөн 500 000 сом алат

Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling — UWW) дүйнө жана континенттик чемпионаттардагы, ошондой эле төрт рейтингдик турнирдеги жыйынтыктарга таянып, 2025-жылдын мыкты балбандарынын рейтингин жарыялады.

Анын жыйынтыгында Айпери Медет кызы 76 кг салмак категориясында жалпы рейтингде 1-орунду ээледи.

Кыргызстандык балбан быйыл:
    •    дүйнө чемпионатында 2-орунду алды;
    •    Азия чемпионатында чемпион болду;
    •    Албанияда өткөн рейтингдик турнирде күмүш медаль утту.

Бул жетишкендиктердин негизинде Айпери Медет кызы 58 600 упай топтоп, өз салмак категориясында биринчи орунга чыкты.

Эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча ар биринен он салмак категориясында рейтингдин жеңүүчүлөрү Бириккен күрөш дүйнөсү тарабынан 5 миң швейцариялык франк (болжол менен 554 миң сом) өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйланышат.

Белгилей кетсек, 22-декабрда Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында экинчи орунду алгандыгы үчүн мамлекеттен бир жолку 750 миң сомдук сыйлыкка ээ болгон. Ал эми 25-декабрда, алдыңкы спортчуларды колдоо алкагында, Президент Садыр Жапаровдун атынан үч бөлмөлүү батир белекке берилген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз