"Каза болгон Урестемованын коргоо ордери болгон". Ташиев укук коргоо органдарынын жоопкерчилиги караларын билдирди
Мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапкан Жибек Урустемованын коргоо ордери болгон, бирок укук коргоо органдары тиешелүү чара көргөн эмес, — деп билдирди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.
Ал 27-декабрда Ысык-Көл облусунда УКМКнын райондук бөлүмүнүн ачылыш аземине катышып жатып, 47 жаштагы Жибек Урустемованын өлүмү боюнча маселени көтөрдү.
Ташиевдин айтымында, аялдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн бардык укук коргоо жана күч түзүмдөрү жоопкерчилик тартышы керек, айрыкча биздин коомдо мындай фактыларга кайдыгер мамиле кылууга жол берилбеши зарыл. Ал маркумдун коопсуздугуна олуттуу көңүл бурулбаганын катуу сынга алды.
«Үч баланын энесинин өлүмү укук коргоо органдарынын, коопсуздук кызматтарынын жана прокуратуранын кызматкерлеринин шалаакылыгынын айынан болду. Маркумдун колунда коргоо ордери бар болчу, бирок укук коргоо органдары тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес. Ошондуктан бул кылмышты кылдат иликтеп, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жоопкерчилигин сөзсүз карайбыз. Эгер мындай фактылар кайсы бир район, айыл же шаарда дагы кайталана турган болсо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, милиция кызматкерлери, УКМКнын жана прокуратуранын өкүлдөрү — баарыңар жоопко тартылат! Кабинеттерде отура бербей, алдын алуу жана профилактикалык иштерди жүргүзгүлө, аймактарды кыдырып, аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук фактыларын аныктап, аларды ачыкка чыгарыш керек!» — деди Ташиев.
Бишкек шаарынын 47 жаштагы тургуну 23-декабрда, өзүнүн туулган күнүндө киши колдуу болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, каргашалуу окуя ажырашуу процесси жүрүп жаткан учурда орун алган.
Аялды мурдагы күйөөсү — ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ГУОБДД) мурдагы инспектору, 1977-жылы туулган У.Б.М. аттуу жаран травматикалык тапанча менен атып өлтүргөн.
Бул кылмыш коомчулукта кеңири резонанс жараткандыктан, учурда ишти УКМК териштирип жатат.
Маркумдун артында үч уулу жетим калды, алардын экөө 2- жана 3-класстарда окушат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


