Жибек Урустемованын өлүмү: эки милиция кызматкери кармалды

30-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы 47 жаштагы Жибек Урустемованын өлтүрүлүшү боюнча иште милициянын эки кызматкери кармалганын билдирди.

Маркум 23-декабрда, туулган күнүндө, мурдагы күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү — ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мурдагы инспектору, 1978-жылы туулган У.Б.М.

Жибек Урустемова артында үч уулун жетим калтырды, алардын экөө — 2- жана 3-класстын окуучулары.

Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жараткандыктан, кылмыш ишин иликтөө УКМКГа өткөрүлүп берилди. Атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, өзгөчө кылмышка алып келген себептер менен шарттарга көңүл бурулду.

Тергөө маалыматына ылайык, маркумдун колунда өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч “жогорку деңгээлде” деп бааланган коргоо ордери болгон. Бирок Свердлов райондук ИИБнин участкалык инспектору аялдын бир нече жолу кайрылуусуна карабастан, анын жана балдарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чара көргөн эмес.

Андан тышкары, киши өлтүрүүдөн кийин участкалык инспектор Ж.Н. өзүнүн аракетсиздигин жашыруу максатында, текшерүүлөр жүргүзүлгөнү тууралуу актыларды артка даталап жасалмалагандыгы аныкталган.

Ошондой эле Бишкек ШИИБинин СОБ бөлүмүнүн улук инспектору А.К. айыпталуучуга травматикалык тапанча сактоого жана алып жүрүүгө уруксатты мыйзамсыз берген жана узартып турганы белгилүү болду. Кылмыш болгон учурда уруксаттын мөөнөтү өтүп кеткенине карабастан, инспектор куралды алып коюу боюнча эч кандай чара көргөн эмес.

29-декабрда аталган фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте милиция кызматкерлерин кармаган. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Ленин райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө камакка алынды.

Учурда тергөө иштери улантылып, укук коргоо органдарындагы бардык жооптуу кызматкерлердин аракеттерине укуктук баа берилери белгиленди

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз