Индия Пакистандын айыл чарбасын талкалайбы?
Кашмирдеги куралдуу кол салуудан кийин Индия өкмөтү Пакистан айыл чарбасына абдан зарыл болгон суунун көбүн пайдаланууну жөнгө салган келишимден чыгуусун жарыялады. Бул тууралуу «Нью-Йорк Таймс» басылмасына шилтеме берип "CentralAsia" басылмасы жазды.
Шаршемби күнү Индия Пакистан менен суу бөлүшүү боюнча маанилүү келишимден чыга турганын жарыялады — бул жазалоо чарасы катары кабыл алынып, Пакистандын айыл чарбасына жана экономикасына олуттуу зыян келтириши мүмкүн.
Мындай чечим Индиянын көзөмөлүндөгү Кашмир аймагында жаратылыш кооздугун көргөн 26 жай тургунду куралчан адамдар өлтүргөндөн кийинки күнү кабыл алынды. Индия менен Пакистан бул аймакка доо коюшат жана ар бири өз бөлүгүн көзөмөлдөйт. Индия Пакистанды түз эле күнөөлөгөн эмес, бирок кол салгандардын "чек ара артында байланышы бар" экенин белгиледи.
Индия мурда да чыңалуу күчөгөн учурларда Инд дарыясы боюнча келишимден чыгууга коркутуп келген. Бул келишим эки мамлекет тарабынан 1960-жылы түзүлгөн. Эгер бул жолу Индия чындап эле андан баш тартса, Пакистандын айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарууга жана калкты ичүүчү суу менен камсыздоого пайдаланып келген суу агымы токтотулушу мүмкүн. Айыл чарба Пакистандын экономикасынын төрттөн бир бөлүгүн түзөт.
Бейшемби күнү Пакистан өкмөтү сууну токтотуу аракетин “согуш актысы” катары карарын билдирди. Индия, ири жана өнүккөн мамлекет катары, мындай кадамдан азыраак жоготууга учурашы мүмкүн, бирок ал эл аралык мыйзамдарды сактоо жагынан сынга кабылышы ыктымал.
Инд дарыясы боюнча келишим деген эмне?
Бул Индия менен Пакистандын ортосунда түзүлгөн келишим болуп, ал Инд дарыясынын жана анын тармактарынын сууларын эки тарап кандайча пайдаланарын аныктайт.
Мындай келишимге муктаждык 1947-жылы Индия менен Пакистан өз алдынча мамлекет болуп бөлүнгөндөн кийин жаралган. Бирок сүйлөшүүлөр он жылга созулуп, келишим 1960-жылы Дүйнөлүк банктын ортомчулугу менен түзүлгөн. Анда Инд дарыясынын сууларын “адилеттүү колдонуу” боюнча эки тараптын укук-милдеттери аныкталган.
Келишимге ылайык, Индияга үч чыгыштагы дарыя — Рави, Сатледж жана Беас дарыяларынын суусун толук пайдаланууга укук берилген. Бул дарыялардын экөөсү кийин Пакистанга агып кирет. Пакистан болсо Инд, Ченаб жана Желам деген батыш дарыяларын көзөмөлдөйт — булар Индиянын көзөмөлүндөгү аймактардан өтөт, бирок негизинен Пакистанда агат. Келишимде Индия бул дарыялардын суусун Пакистанга “эркин жана тоскоолдуксуз” өткөрүп берүүгө милдеттенет.
Бул келишим узак убакыт бою тарыхый жетишкендик катары бааланып, эл аралык суу талаштарын чечүүнүн үлгүсү катары каралып келген. Бирок акыркы он жыл ичинде Индия бул келишимди Пакистанга кысым көрсөтүү үчүн курал катары колдонууга коркутуп келет.
2016-жылы Кашмирдеги Ури шаарчасындагы аскердик базага террордук чабуулдан кийин премьер-министр Нарендра Моди “кан менен суу чогуу агып кете албайт” деп келишим боюнча жооптуу аткаминерлерге билдирген. 2019-жылы дагы Кашмирдеги жардырууда ондогон аскерлер каза болгондо, Индия чыгыш дарыяларын башка багытка бурарын айтып коркуткан.
Индиянын келишимден чыгышы Пакистанга кандай таасир этет?
Бул Пакистандын абалын оорлотот. Өлкөдө кургакчылык күч, жана ал буга чейин эле суу тартыштыгынан жапа чегип келет, айрыкча климаттык өзгөрүүлөрдөн улам. Өткөн айда Пакистандын суу ресурстары боюнча жөнгө салуучу органы Пенджаб жана Синд сыяктуу негизги айыл чарба провинцияларында суу таңкыстыгы 35% чейин жетиши мүмкүн экенин эскерткен.
Алдыда күтүлгөн муссон жамгырлары дагы кооптуу болушу мүмкүн — Индия чыгыш дарыяларынан ашыкча сууну эскертүүсүз кое берсе, бул суу ташкындарына алып келиши мүмкүн, деп билдирди суу ресурстарын башкаруу боюнча адис, Исламабаддагы саясий талдоочу Насир Мемон.
Эгер Индия гидрологиялык маалыматтарды — мисалы, муссон мезгилинин так убактысын, суу деңгээлин — бербей койсо, бул чакан дыйкандар үчүн чоң белгисиздик жаратып, олуттуу зыян алып келиши мүмкүн, дейт Мемон.
Индия өзү кандай жоготууга учурайт?
Айрым аналитиктердин айтымында, премьер-министр Нарендра Модинин өкмөтү ички саясатта саясий упай топтосо, дүйнөлүк коомчулук бул окуяны Индия менен Пакистан ортосундагы кезектеги чыңалуу катары кабыл алышы мүмкүн.
“Бул акылдуу, популярдуу жана популисттик кадам”, — дейт Жавахарлал Неру университетинин дипломатия жана куралсыздандыруу бөлүмүнүн окутуучусу Хэппимон Джейкоб.
Анын айтымында, эл аралык коомчулук чек арадагы чыңалуунун согушка айланышынан көбүрөөк чочуйт. “Ошондуктан, суу келишиминин ишин токтотуп коюу менен Индия эл аралык аренада дээрлик эч нерсе жоготпойт”, — деп кошумчалайт ал.
Айрым талдоочулар Пакистан бул жагдайды эл аралык укук чөйрөсүндө өз пайдасына пайдаланууга аракет кылышы мүмкүн дешет.
“Башка өлкөгө олуттуу зыян келтирбеш керек — бул бардык мамлекеттер үчүн милдеттүү болгон эл аралык адаттык укуктун нормасы”, — дейт Индия эл аралык укук коомунун улук окутуучусу Анвар Садат.
Гидрология боюнча эксперт Хассан Аббастын айтымында, Пакистан 1960-жылдагы келишимге кол коюу менен дарыялардын ылдыйкы агымында жашаган калктын укугун бузган.
“Индиянын акыркы кадамдары Пакистанга стратегиялык мүмкүнчүлүк түзүп жатат. Эгер чечкиндүү позициясын көрсөтсө, Пакистан бул келишимди эл аралык деңгээлде кайра кароого жетише алат”, — дейт ал.
Бейшемби күнү Пакистанда антииндиялык маанай курчуп кетти. Лахор шаарындагы митингде исламчыл партиянын лидери Харис Дар Индия Пакистанга “фактически согуш жарыялады” деп билдирди.
“Бул — Индия тарабынан суу терроризми”, — деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.