Эмне үчүн МИКтин үйлөрү арзан болбойт? Президенттин жообу
IV Элдик курултайда делегаттар Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу берилген турак жайлардын баасы жогору экенин айтып, бул баалар эмгек мигранттары үчүн да оор болуп жатканын белгилешти.
Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде бул маселе боюнча бийлик узак мөөнөттүү стратегияны негизге алып иш жүргүзүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, биринчи кезекте, МИК аркылуу берилген турак жайлар 25 жылдык мөөнөткө, баштапкы төлөмсүз берилет.
Президент маалымдагандай, Бишкек шаарында кезекте турган жарандар үчүн мамлекеттик турак жай программасынын алкагында батирдин 1 чарчы метринин баасы курулуш жүрүп жаткан районуна жараша «Социалдык», «Жеңилдетилген» жана «Жеткиликтүү» ипотека багыттары боюнча 900дөн 1 000 АКШ долларына чейин түзөт.
«Социалдык ипотека» багыты боюнча (жалгыз бой энелер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын камкорчулары) жана «Жеңилдетилген ипотека» багыты боюнча (мугалимдер, дарыгерлер, жалпы эле мамлекеттик бюджеттен эмгек акы алган жарандар) турак жайлар 25 жылдык мөөнөткө, жылдык 4% менен жана баштапкы төлөмсүз берилет.
Ал эми «Жеткиликтүү ипотека» багыты боюнча (жеке сектордо иштеген жарандар үчүн) турак жай 25 жылдык мөөнөткө, жылдык 8% менен, ошондой эле баштапкы төлөмсүз берилет.
Үлүштүк курулуш механизми боюнча батирдин 1 чарчы метринин баасы объекттин жайгашкан жерине жараша 1 000ден 1 400 АКШ долларына чейин болот. Батирлер толук бүткөрүлгөн, «ачкычка даяр» («под ключ») абалда тапшырылат.
Садыр Жапаров шаар четиндеги райондордо баалар төмөнүрөөк, ал эми борбордук, тактап айтканда «элиталык» жана «алтын квадрат» деп аталган аймактарда жогору экенин белгиледи.
«Үлүштүк негизде сатылган турак жайлар негизинен чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештерибизге сунушталат. Бул механизмде жарандар турак жай кезегине турбайт, анткени батирдин баасынын 50 пайызын баштапкы төлөм катары төлөшөт. Калган суммасы 15 жылга чейин бөлүп төлөнөт. Эгер рыноктук баалар менен салыштырсак, ошол эле райондордо жаңы салынып жаткан үйлөрдө, оңдоп-түзөөсүз (котлован деңгээлинде) 1 чарчы метрдин баасы 2 000–3 000 долларга чейин жетет», — деди президент.
Ал МИК тарабынан сунушталган батирлер толугу менен бүткөрүлгөн, «под ключ» системасында жана кыйла жеткиликтүү баада берилерин кошумчалады.
«МИК турак жайды өздүк наркына бир аз үстөк кошуп сатууга аргасыз. Болбосо компания бүгүнкүдөй ири масштабда курулуш иштерин жүргүзө албай калмак. Кезекте турган жарандардын да, кезексиз үлүштүк негизде 50% төлөп батир алган жарандардын да каражаттары Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүн камсыздоого жана жаңы объектилердин курулушун улантууга багытталат», — деди Садыр Жапаров.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 4 миң 662 үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон.
2024-жылы бул көрсөткүч 1 миң 197 үй-бүлөнү түзгөн. Учурда республика боюнча жалпы аянты 5,4 млн чарчы метрди түзгөн 80 миң 245 батирдин курулушу жүрүп жатат.
2026-жылы республика боюнча жалпы 20 миң 21 батир пайдаланууга берилери пландалууда, анын ичинде:
• Бишкек — 6 323,
• Чүй облусу — 3 129,
• Манас — 3 219,
• Ысык-Көл облусу — 2 266,
• Ош облусу — 1 458,
• Ош шаары — 1 454,
• Баткен облусу — 1 420,
• Нарын облусу — 433,
• Талас облусу — 319 батир.
Ошондой эле МИК программаларынын алкагында алдыдагы 10–15 жыл ичинде заманбап, европалык шарттагы турак жайларды шаарларда гана эмес, өлкөнүн бардык айыл аймактарында куруу максаты коюлганы белгилүү болду.
«Эгер МИК турак жайды толугу менен өздүк наркы менен гана сатса, келечекте бул максатты ишке ашыра албай калмак. Бүгүнкү күндө компания көп миллиард сомдук уставдык капиталы бар ири институтка айланды. Учурда уставдык капиталдын көлөмү 87,5 млрд сомду түзөт, келечекте аны 200 млрд сомго жеткирүү пландалууда. Эгер турак жай өздүк наркы менен гана сатылса, 25 жылдык ипотекалык мөөнөттү, инфляцияны жана компаниянын минималдуу кирешелүүлүгүн эске алганда, компания кыска убакытта банкроттукка учурамак. Ошондуктан учурдагы баа саясаты негиздүү», — деди президент.
Ошол эле учурда эмгек мигранттары үчүн өзүнчө кезек түзүү же кошумча жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн турак жайдын баасын мындан ары да төмөндөтүү маселеси кошумча талдоодон өткөрүлөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



