АКШнын Венесуэлага жасаган кол салуусунан улам курман болгондордун саны 80ге жетти, - The New York Times
АКШ тарабынан ишемби күнү Венесуэланын президенти Николас Мадурону кармоо максатында жүргүзүлгөн аскерий операциянын натыйжасында каза тапкандардын саны 80 адамга жетти. Бул тууралуу The New York Times басылмасы Венесуэланын жогорку даражалуу расмий өкүлүнө таянып жазды.
Анын айтымында, курмандыктардын арасында жайкын тургундар да, коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери да бар. Ошондой эле каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экени айтылды.
Куба өкмөтү Мадурону коргоп жаткан 32 кубалык жаран каза болгонун билдирди. Куба бийлигинин маалыматына караганда, алар америкалык аскерлердин аба соккуларынын натыйжасында же түз салгылашууда набыт болушкан.
«АКШ өкмөтү тарабынан 2026-жылдын 3-январынын таңында боордош Боливариялык Венесуэла Республикасына каршы жасалган кылмыштуу чабуулдун кесепетинен, Түштүк Америкадагы бул өлкөнүн тиешелүү органдарынын өтүнүчү менен Революциялык куралдуу күчтөрдүн жана Ички иштер министрлигинин тапшырмаларын аткарып жүргөн 32 кубалык жоокер салгылашуулар маалында курман болду», — деп айтылат расмий билдирүүдө.
Кубанын президенти Мигель Диас-Канель эки күндүк улуттук аза күтүү жарыялады. Аза күтүү 5-январь күнү саат 06:00дөн тартып 6-январь түн ортосуна чейин уланат. Бул мезгилде мамлекеттик желектер төмөн түшүрүлүп, бардык көңүл ачуу иш-чаралары токтотулат.
4-январда Венесуэланын коргоо министри Владимир Падрино Лопес АКШнын атайын багыттагы күчтөрү Мадурону уурдоо операциясы маалында анын коопсуздук кызматкерлеринин олуттуу бөлүгүн өлтүргөнүн билдирди.
АКШ Венесуэлага 3-январда кол салган. Операциянын жүрүшүндө Николас Мадуро жана анын жубайы кармалып, өлкөдөн сыртка чыгарылган. Алар терроризмди каржылоого багытталган кылмыштуу схемага, тактап айтканда баңгизат соодасы аркылуу мыйзамсыз каржылоого катышкан деп айыпталууда. Мадуро жана анын жубайы АКШда жоопко тартылары пландалууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



