Блогерлер — бул ЖМК эмес, бирок алардын миллиондогон каттоочулары бар жана алар чыгарган маалыматтары үчүн жоопкерчиликти алууга тийиш, - министр

Кыргызстанда блогерлер тууралуу мыйзам кабыл алынышы мүмкүн. Алар жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) кирбегени менен, миллиондогон катталуучулары бар болгондуктан, тараткан маалыматы үчүн жоопкерчилик тартууга даяр болушу керек. Бул тууралуу АКИpress агенттигине берген маегинде Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, бул жылы жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзам кабыл алынган, эми болсо блогерлер тууралуу мыйзамды иштеп чыгуу босогосунда турушат.

«Биз блогер деген ким экенин так аныктап алышыбыз керек. Блогерлердин өз катталуучулары, таасир эте турган аудиториясы бар. Ошондуктан “блогер” түшүнүгүн мыйзам деңгээлинде аныктоо зарыл. Ооба, алар жалпыга маалымдоо каражаттарына кирбейт, бирок калкка таасир этүү мүмкүнчүлүгү бар. Демек, кандайдыр бир маалыматты таратып жатып, алар да жоопкерчилик тартуусу керек», — деди министр.

Министр мисал катары блог жүргүзгөн мамлекеттик кызматкерди жана медиа мейкиндиктеги белгилүү инсандарды келтирди.

«Айрым блогерлер жөн гана мамлекеттик кызматкер болуп, мисалы, 5 миң же 10 миң катталуучусу бар аудиториясына расмий маалыматтарды жеткирип турушат. Ал эми башка блогерлердин 50 миңден 100 миңге чейин, айрымдарынын миллиондон ашык катталуучулары бар. Алар ишкердик менен алектенип, тигил же бул продукцияны жарнамалашат. Бул да ишкердик ишмердүүлүк болуп эсептелет. Ошондуктан биз азыр мыйзамды иштеп чыгууда баарына ыңгайлуу, тең салмактуу чечим табышыбыз керек», — деп түшүндүрдү Мирбек Мамбеталиев.

Министрдин маалыматына ылайык, учурда Маданият министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын адистери мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп жатышат. Алдын ала күтүүлөр боюнча, мыйзам долбоору 2026-жыл ичинде даяр болот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз