Азия кубогу: "Жаш шумкарлар" 10 футболчу менен ойноп, Сауд Арабиясынан минималдуу эсепте жеңилди
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы (U-23) Сауд Арабиясында өтүп жаткан Азия кубогунда мелдешти ийгиликсиз баштады.
Тайпалык этаптын биринчи турундагы беттеш 6-январда Жидда шаарында өтүп, анда кыргызстандыктар Сауд Арабиясынын теңтуштар курамасына каршы ойношту.
Оюндун биринчи таймында кооптуу учурлар дээрлик болгон жок, бирок оюнчулардын биринин четтетилиши менен эсте калды. Беттештин 34-мүнөтүндө кытайлык калыс Фу Минг VAR системасын карап чыгып, Арсен Шаршенбековго кызыл карточка көрсөттү.
Экинчи таймда кыргыз футболчулары ишенимдүү коргонуп ойношту. Бирок кытайлык калыс айып аянтчасында кол менен ойноо үчүн Сауд Арабиясынын пайдасына пенальти белгиледи. Ошого карабастан, Кыргызстандын курамасынын дарбазачысы Курманбек Нурланбеков атаандаштын соккусун кайтарды.
Кыргызстан курамасы 88-мүнөтүнө чейин дарбазасын таза сактап келди, бирок беттештин соңунда гол өткөрүп жиберди.
Жыйынтыгында беттеш 1:0 эсебинде Сауд Арабиясынын курамасынын пайдасына аяктады.
Экинчи турда, 9-январда, Кыргызстандын жаштар курамасы Вьетнамдын курамасына каршы ойнойт. Вьетнам курамасы биринчи турда Иорданияны 2:0 эсеби менен уткан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



