Азия кубогу: Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын оюнуна Фу Минг калыстык кылат
Футбол боюнча жаштар арасындагы Азия Кубогунда (U-23) Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын курама командаларынын ортосунда өтө турган беттеште иштей турган калыстар белгилүү болду.
Тайпалык этаптын биринчи турундагы оюн 6-январда Жидда шаарында өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.
Бул оюнга башкы калыс болуп Кытайдан келген Фу Минг дайындалды.
Кыргызстандык күйөрмандар бул калысты 2019-жылдагы Азия Кубогунан жакшы билишет. Ал учурда Фу Минг 1/8 финалдык баскычта Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ортосундагы оюнду тейлеген.
Мындан тышкары, Фу Минг 2024-жылы Катарда өткөн Азия Кубогунда Кыргызстан — Сауд Арабиясы беттешинде VAR системасы боюнча калыс болуп иштеген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



