Ош: Санитардык абалы начар болгон тоок базары башка жайга көчүрүлүүдө
Ош шаарындагы эски борбордук базарда иштеп жаткан тоок базары жаңы жайга көчүрүлүүдө. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы тоок базары учурдагы ордунан алыс эмес аймакта жайгашып, мурда мал базары болгон жерде уюштурулууда.
«Бул жайда соодагерлер жана кардарлар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, санитардык талаптар толук сакталат», - деп айтылат муниципалитет таркаткан маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарга фидео тарап, анда тоок саткан жайдын санитардык абалы кейиштүү абалда экенин көрүүгө болот. Мындан улам жарандардын нааразычылыгы жаралып, тоок базардын санитардык абалын оңдоо керектигин жазышкан эле.
Соцтармакка тараган видеодон скриншот.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




