Бишкекте президенттин катышуусунда МИК курган батирлердин ачкычтары тапшырылды
Бишкек шаарында бүгүн, 12-январда, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Мамлекеттик ипотекалык компаниясы (МИК) тарабынан курулган батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи болуп өттү.
Турак жайлар мурдагы №47 түзөтүү колониясынын ордунда (Бишкек ш., Маликов көч., 91) курулган «Мурас» турак жай комплексинин экинчи курулуш этабынын алкагында берилди.
Маалыматка ылайык, жалпысы 24 кабаттан турган 8 блок пайдаланууга берилет.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров 1080 батирдин ачкычтары тапшырылганын билдирди.
«Эсиңиздерде болсо, “Мурас” турак жай комплекси 39 блоктон турат, анда жалпысынан 4754 батир куруу пландалган. Бул комплексте 2024-жылы 510 батир, 2025-жылы 476 батир берилген. Учурда курулуш иштери активдүү улантылып жатат жана дагы 2688 батир ээлерине тапшырылат», — деди президент.
Ошондой эле Садыр Жапаров комплекс аймагында мектеп, бала бакча жана унаа токтотуучу жайлар каралганын кошумчалады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



