Тышкы иштер министри Кыргызстандын Катардагы элчисинин кызматтан эмне себептен алынганын түшүндүрдү

Мамлекеттик кызматкердин этикасын бузгандыгы үчүн Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 15-январда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, дипломат кесиптик жактан натыйжалуу иш алып барган, бирок этикалык нормалардын бузулушуна жол берилген.

«Ушул себептен улам биз аны кызматтан бошотуу боюнча сунуш киргизүүгө аргасыз болдук. Мындан ары дипломатиялык кадрларды дайындоодо этикалык талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурабыз», — деди министр.

Марат Нуралиев 2023-жылдын 22-декабрында элчи болуп дайындалган. Ал эми 2025-жылдын 26-декабрында ээлеп турган кызматынан бошотулган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз