Депутат: Кардардын кыргызча тейлөөнү талап кылганы кылмышпы?

«Кардар өзүн кыргыз тилинде тейлөөнү талап кылганы кылмыш болуп эсептелеби?» — деген суроону депутат Бактияр Калпаев (№2 округ) 15-январда Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаевага узатты.

«Бул үчүн сот аны 9 айга эркинен ажыраткан, кийин үй камагына чыгарган», — деди депутат.

Башкы прокурордун орун басары мындай деп жооп берди:

«Сиз айткан сөздөргө гана таянып, юридикалык баа берүү туура эмес. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгону тууралуу маалыматты окуп чыктым. Биз материалдарды толук изилдеп чыгып, андан кийин гана комментарий бере алабыз. Андай укугубуз да жок. Кылмыштын курамы бар же жок экенин азыр айта албайбыз. Бул жерде эки тарап бар, экөөнү тең угуу керек».

Калпаев ошондой эле мындай деди:

«Биз мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алдык, президент БУУнун трибунасында кыргыз тилинде сүйлөдү, УКМКнын төрагасы инвесторлорду мамлекеттик тилде сүйлөөгө чакырууда. Адамды кыргыз тилинде тейлөөнү талап кылганы үчүн сотко бериш туура эмес деп эсептейм. Кызмат көрсөтүү тармагындагы ишкерлерди кыргыз тилин урматтоого чакырам. Кыргызстанда жашап жаткандан кийин кыргыз элин да урматтоо керек. Бул маселеге өтө аяр мамиле кылууну суранам», — деди депутат.

Буга чейин блогер Айтилек Орозбеков социалдык тармактарда Kulikov кондитердик үйү ага каршы арыз жазганын, учурда 9 айдан бери үй камагында экенин билдирген. Анын айтымында, ал Kulikovдун соода түйүнүндө кыргыз тилиндеги жазуулар бар-жогун жана өзүн кыргыз тилинде тейлей алышабы деп гана сураган.

Акыркы видеосунда блогер кондитердик үйдүн юристтери соттон ага карата камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасын өзгөртүүнү суранганын жазган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз