Ошто жаңы жылдык эс алуу күндөрү браконьерлерге 68 миң сомдук айып пул салынды
Жаңы жылдык эс алуу күндөрү NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери мамлекеттик экологиялык мекемелердин өкүлдөрү менен биргеликте өткөргөн рейддердин натыйжасында, аң уулоо эрежелерин бузуп, мыйзамсыз аңчылык менен алектенген жарандарга 68 миң сомдук айып пул салышты. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, алгачкы рейд Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунун аймактарында өткөрүлдү. Анда Папан айыл аймагынын Күмбөз участкасында үч жаран 7 даана сары канат чымчыгын капаста мыйзамсыз кармап жүргөндүгү аныкталып, алардын ар бирине 10 000 сомдон, жалпы: 30 000 сом өлчөмүндө айыппул салынды. Канаттуулардын абалы канааттандырарлык болгондуктан, алар жаратылышка кое берилди.
Кийинки рейд Кара-Суу, Алай жана Өзгөн райондорунда өттү. Анын жүрүшүндө ышкыбоздук балык уулоо эрежелеринин талаптарын бузган 3 жаран аныкталып, ар бирине 1 000 сомдон, жалпы 3 000 сом айыппул салынды. Ушул эле рейддин алкагында, Алай районунун Капчыгай участкасында аң уулоо эрежелерин бузуп, тузак аркылуу үч кекилик кармаган жаран аныкталып, аларга 10 000 сом айыппул салынып, 6 000 сом доо коюлду.
Ал эми Өзгөн районунда өткөрүлгөн рейдде Жазы дарыясында ышкыбоздук балык уулоо эрежелеринин талаптарын бузган бир жаран аныкталып, ага 1 000 сом айыппул салынды. Мындан тышкары, ушул эле Жазы дарыясында балык уулоодо колдонууга тыюу салынган синтетикалык тордон жасалган «экран» деп аталган шайманды пайдаланган жаран аныкталып, ага 5 500 сом өлчөмүндө айыппул салынды.
Ошондой эле Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа участкасында аң-уулоо эрежелерин бузган жаран аныкталды. Ага да 12 500 сом өлчөмүндө айыппул салынды. Ошентип, аң уулоо эрежелерин бузуп, мыйзамсыз аңчылык менен алектенген жарандарга салынган айыппулдун жалпы суммасы 68 миң сом болду.
Белгилей кетсек, жаратылышты коргоо максатында уюштурулган бул рейддер КР ЖРЭжТК министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын жана Ош регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



