Акжол Махмудов үйлөнгөндөн кийинки жашоосу тууралуу айтты

Грек-рим күрөшү боюнча Олимпиада оюндарынын эки жолку байге ээси жана дүйнөнүн эки жолку чемпиону Акжол Махмудов үйлөнгөндөн кийин жашоосунда кандай өзгөрүүлөр болгонун айтып берди.

Спортчу 2024-жылдын декабрь айында үйлөнгөн.

«Жашоомдо өзгөчө чоң өзгөрүүлөр болгон жок — үйлөндүм, балдарым өсүп жатат. Үйгө келген сайын алар мага өзгөчө кубаныч тартуулашат. Менин оюмча, бул спорттук карьерамдагы ар кандай наамдар менен медалдардан да баалуу. Балдар, үй-бүлө — мындан маанилүү нерсе барбы, билбейм. Баары кадимки эле адамдык жашоо сыяктуу. Ар ким ушуга жетиши керек. Ар ким эртеби-кечпи үй-бүлө күтүүчү учурга келет», — деди Махмудов журналист Тахир Гафуровго берген маегинде.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз