Өзбекстандын укук коргоо органдарынан качып жүргөн жаран Оштон кармалды
Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн экстремисттик топтун башчысы кармалды.
УКМКдан билдиришкендей, жүргүзүлгөн ыкчам издөө жана техникалык иш-чаранын алкагында, Ош шаарынын аймагында, 2022-жылдын 11-ноябрь күнү Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн, Фергана өрөөнүндөгү жашыруун экстремисттик топтун башчысы М.М.Х. кармалды.
«Көргөзүлгөн адамдын, жакын кылмыштуу байланыштарын аныктоо учурунда, Кара-Суу шаарынын тургуну 1998 ж.т. И.Б.Б. такталган. Анын алкагында, чогултулган далилдердин негизинде, УКМК тарабынан, КЖКнын 332-бер. 1-бөл. менен кылмыш иши козголуп, тинтүү иш-чарасы өткөрүлгөн. Жыйынтыгында, “Хизбут Тахрир” ДЭУга тиешеси бар баракчалар, китептер, телефондор жана планшеттер табылып алынган»,- деп айтылат маалыматат.
2025-жылдын 14-февраль күнү Кара-Суу шаардык соту тарабынан И.Б.Б. 4 жылга эркинен ажыратылган. Азыркы учурда, И.Б.Б.нын кылмыштуу байланыштарын аныктоо максатында, ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.