Ош: Ноокатта мал уурдоого шектелгендер кармалды

 Ош облусунун Ноокат районунда мал  уурдаганга  шектүүлөр кармалды. Мындай маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

 
Маалыматка караганда, 2025-жылдын 23-февраль күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө  Төөлөс  айыл аймагынын 1975-жылы туулган К.Ж. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. 
 
Анда 2025-жылдын  22-февралынан 23-февралына караган  түнү мал сарайында  кармалып турган  2 баш уюн белгисиз адамдар  уурдап кеткендигин билдирген. Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 150 000 (жүз эүү миң) сомду түзөт.
 
Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. 
 
«Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында 2025-жылдын 26-февраль күнү кылмышка шектүү катары Ноокат районунун 1999-жылы туулган М.У. жана 2001-жылы туулган Т.А. аттуу тургундары  кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүүлөр  райондук сот тарабынан 2 ай мөөнөткө камакка алынды»,- деп айтылат маалыматта.
 
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөр   уурдалган малдарды  башка аймактын базарына алып барып сатып жибергени маалым болгон. 
 
Учурда Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уурдалган малдарды ээлерине кайтаруу жана шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз