Тынчтык Шайназаров Жылдызкан Жолдошеванын айыптоосуна жооп берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын  төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңешке мурдагы депутаттыкка талапкер Жылдызкан Жолдошеванын билдирүүсүнө комментарий берди, деп жазат "АКИпресс" басылмасы.

Жылдызкан Жолдошева 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан. Ал №8 шайлоо округунан талапкер болуп, аял талапкерлердин арасынан эң көп — 2 590 добуш алган.

Кийинчерээк аймактык шайлоо комиссиясы №5249 жана №5514 шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарып, депутаттардын тизмесин бекиткен. Бул тизме курамына Жанарбек Акаев, Улан Примов жана Нуржамал Торобекова кирген.

Мындан кийин Жолдошева БШКнын чечимин сынга алып, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп катары добуш сатып алуу фактысы бар делген видео көрсөтүлгөнүн билдирген. Анын айтымында, аталган видео Ысык-Көл облусундагы №27 шайлоо округунда тартылган.

15-январда Жолдошева президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоп, БШК төрагасына чара көрүүнү суранган.

Кайрылуусунда ал ошондой эле 2011-жылдын 1-апрелинде Жогорку Кеңеште депутаттар ортосунда чыккан чырды эске салган. Ал жаңжал парламенттин коридорунда мушташка айланып кеткен. Жолдошеванын айтымында, ал окуяга Тынчтык Шайназаров да катышкан жана ал «Садыр Жапаровдун мурдун, оозун сындырганын, шакеги менен чекесин жарадар кылганын мактанып айтып жүрөт».

Мындан тышкары, Жолдошева журналист Турат Акимдин маалыматына таянып, Шайназаровду 20 килограмм баңгизат менен кармашкан деген билдирүү тараткан.

Кайрылуусунун аягында ал мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо айрым шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин дагы бир жолу «мыйзамсыз» деп атаган.

БШКнын басма сөз кызматы Шайназаровдун расмий комментарийин таратты. Анда ал өзүнө коюлган бардык айыптоолорду четке какты.

«Жолдошеванын мен депутат болуп турган учурда президент Садыр Жапаровду сабаганым жана азыркыга чейин муну менен мактанып жүргөнүм тууралуу билдирүүлөрү мени абдан таң калтырды жана капалантты. Бул — толугу менен ойдон чыгарылган, жалаа жана манипуляция.

20 килограмм героин тууралуу айтылган сөздөргө комментарий бергим да келбейт. Мындайды психикалык жактан олуттуу көйгөйлөрү бар жана акыл-эси жайында эмес адам гана ойлоп табышы мүмкүн.

Эгер Жылдызкан Жолдошева кааласа, мен анын психиатрдык дарылоосун төлөп берүүгө даярмын. Балким, бул анын психикалык абалын жакшыртууга жардам берер», — деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз