Жылдызкан Жолдошева УКМКдан Тынчтык Шайназаровду иликтөөнү суранды
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун комментарийине жооп берди.
17-январда БШКнын басма сөз кызматы Шайназаровдун Ж. Жолдошеванын 15-январдагы кайрылуусуна байланыштуу комментарийин тараткан. Анда ал өзүнө коюлган бардык айыптоолорду четке кагып, Жолдошеванын «ал президент Садыр Жапаровду сабап койгон» жана «20 килограмм героинге тиешеси бар» деген билдирүүлөрүн «толугу менен акылга сыйбаган, жалаа жана манипуляция» деп атаган. Ошондой эле ал Жолдошевага психиатрдан дарыланууга акча төлөп берүүгө даяр экенин айткан.
Өз кезегинде Ж. Жолдошева БШК төрагасынын билдирүүсүнө жооп кайтарып, 2011-жылдын 1-апрелинде Жогорку Кеңештин коридорунда депутаттардын ортосунда болгон мушташ чындык жана факт экенин билдирди.
Баңгизат маселеси боюнча Жолдошева УКМКны бул ишти иликтөөгө чакырып, «УКМК КРге фактыларды жана далилдерди келтирүү менен териштирүүгө жардам берем» деп билдирди.
Анын айтымында, Т. Шайназаровдун жүйөлүү аргументтери жок болгондуктан, ал жеке басмырлоого жана шылдыңдоого өткөн.
«Анын “психиатрга акча төлөп берем” деген сөзү өзү эле анын күнөөсүн далилдеп турат.
“Кемсинтүү” жана “шылдың” фактыларды жок кыла албайт…», — деп жазган Жолдошева.
Буга чейин, 15-январда, Жолдошева президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, БШКнын төрагасына карата чара көрүүнү суранган. Ал 2011-жылдын 1-апрелинде Жогорку Кеңеште төрт депутаттын ортосунда чыккан жаңжал коридордо мушташка айланганын эске салган.
Жолдошева Шайназаров 20 килограмм наркотик менен кармалган деп да билдирген.
Жылдызкан Жолдошева 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан. Ал №8 шайлоо округу боюнча талапкер болуп чыгып, аялдар арасынан эң көп — 2 590 добуш алган.
Кийинчерээк округдук шайлоо комиссиясы №5249 жана №5514 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарып, депутаттардын тизмесин бекиткен. Ага Жанарбек Акаев, Улан Примов жана Нуржамал Төробекова кирген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



